Дүйнө жүзүндө тышкы колдоосуз карыздарын төлөй албаган "зомби компаниялар" көбөйдү

Дүйнө жүзүндө тышкы колдоосуз карыздарын төлөй албаган "зомби компаниялар" көбөйдү

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) изилдөөсүндө айтылгандай, дүйнөлүк экономика акыркы 10 жыл бою жүргүзүлгөн өтө жумшак акча-кредит саясатынын мезгилинен кийин пайыздык чендердин "кадимки" деңгээлине кайра кайтты.

Дүйнөдө пайыздык чендердин туруктуу жогорулашынын кесепеттеринин бири — корпорациялардын каржылык алсыздыгынын күчөшү болду.

"Эгер 2019–2020-жылдары компаниялар еврозонада 1,5–2%, ал эми АКШда жылына 2–3% менен насыя тарта алышса, 2024-жылы кайра каржылоо эки экономикада тең 5–6%дык чендер менен жүргүзүлдү.

Расмий түрдө иштеп жаткан, бирок тышкы колдоосуз карыздарын тейлей албаган "зомби-компаниялардын" саны көбөйдү", — деп белгилешет аналитиктер.

Баалоолорго ылайык, жогорку пайыздык чендердин узакка созулган мезгили каржылык туруксуздук тобокелдиктерин күчөтөт. Карыздарды ири масштабда кайра түзүү (реструктуризациялоо) сөзсүз болот: корпоративдик милдеттенмелерди кайра каржылоонун эң жогорку чеги 2027–2028-жылдарга туура келип, алар 2025–2026-жылдардагы суверендүү карыздарды кайра каржылоо жогорку чегинен кийин башталат.

"Зомби-компаниялардын” санынын өсүшү жана көпчүлүк өлкөлөрдө бюджеттик консолидациянын зарылдыгы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү чектеп, дүйнөлүк экономикалык өсүштүн жайлашын жогорулатат", — деп божомолдошот изилдөөнүн авторлору.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучулар бөлүмү алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун ишке ашырды. И.А.Б. аттуу карызкорго каршы жүргүзүлгөн аткаруу иши алкагында сот аткаруучулар анын айлыгынан алимент өндүрүүнү камсыз кылышты. Күчөтүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 16-августунан тарта бүгүнкү күнгө чейин алимент толук көлөмдө өндүрүлдү. Өндүрүлгөн алименттин жалпы суммасы 15

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад облустук сотунун чечиминин негизинде алимент төлөбөй жүргөн Т.Ш.А. аттуу жаран эки жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Сот аткаруучулар кызматына Жалал-Абад (Манас) шаардык сотунун чечиминин негизинде карызкор Т.Ш.А.дан 2018-жылдын 18-апрелинен тартып кирешесинин тең жарымын алимент катары

Лондондогу ICE биржасында мунай баасы 5%дан ашык өстү

Лондондогу ICE биржасында мунай баасы 5%дан ашык өстү

2026-жылдын май айына жеткирилүүчү Brent crude фьючерстери 5%дан ашык өстү. Ал эми 2026-жылдын апрель айына жеткирилүүчү WTI crude фьючерстери NYMEX биржасында 8%дан ашык көтөрүлгөнүн соода маалыматтары көрсөтүүдө. Бишкек убактысы боюнча түн ортосуна карата Brent нефтинин баасы 5,26%га өсүп, баррели 85,68 долларга жеткен. Ал эми WTI

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

2025-жылдын жыйынтыгы менен өлкөгө келген акча которуулардын жалпы көлөмү 3 млрд 491,2 млн долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти. Которуулардын негизги бөлүгү – 3 млрд 293,1 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинен Россия акча которуулардын көлөмү боюнча лидер бойдон калууда. Ал жактан 3 млрд 231,8 млн доллар, ал