Кыргызстандан Россияга 8 тонна тоңдурулган пельмень кирбей калды
Орусиянын Оренбург облусу боюнча Федералдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын башкармалыгы мамлекеттик чек аранын россиялык-казакстандык тилкесинде Кыргызстандан 8,6 тонна тоңдурулган пельменди мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотконун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, продукция ветеринардык талаптарга жооп берген эмес: жүктүн бир бөлүгүндө зарыл болгон ветеринардык коштоочу документтер жок болгон, ошондой эле лабораториялык текшерүүлөрдүн толук топтому жүргүзүлгөн эмес. Бул Евразия экономикалык союзунун санитардык нормаларын бузуу болуп саналат. Мындан тышкары, документтерде аймактын курч жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык коопсуздугу тууралуу маалымат камтылган эмес.
Эреже бузуу менен жарым фабрикаттарды ташып келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу административдик жоопкерчиликке тартылып, кармалган товар кайра жөнөтүлгөн жерине кайтарылды.