"Күн-Туу" көмөкчордонунун кубаттуулугу 50 МВАга чейин көбөйтүлөт

"Күн-Туу" көмөкчордонунун кубаттуулугу 50 МВАга чейин көбөйтүлөт

Чүй облусунда энергетикалык объекттерди куруу жана модернизациялоо долбоорлору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Учурда 250 МВА 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөкчордонуна экинчи кезектеги курулуш иштери башталды. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформатору орнотулат. Натыйжада көмөкчордондун кубаттуулугу 50 МВАга чейин жогорулап, анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү кыйла артат.

Курулуш-монтаж иштеринин алкагында төмөнкү иштер аткарылат:

  • 110 кВ өчүргүчүн орнотуу;
  • 110 кВ ажыраткычтарды монтаждоо;
  • 7 даана КРУН уячасын орнотуу;
  • 110 кВ ток жана чыңалуу трансформаторлорун монтаждоо;
  • жерге туташтыруу жабдууларын орнотуу;
  • 110 кВ ашыкча чыңалуудан коргоочу чектегичтерди орнотуу.
Бул иштер электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, көмөкчордондун кубаттуулугун арттырууга жана Чүй облусунун энергетикалык инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Аталган долбоорду 2026-жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media