Тамактын порциясын азайтып, бааны көтөргөн кафе, ресторандарга айып пул салынат

Тамактын порциясын азайтып, бааны көтөргөн кафе, ресторандарга айып пул салынат

2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларында, анын ичинде кафе жана ресторандарда, кызмат көрсөтүү акысын алууга тыюу салган токтом күчүнө кирди.

Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы билдиргендей, бул норма күчүнө киргенден кийин айрым жайлардын ээлери кызмат көрсөтүү акысын формалдуу түрдө жойгон менен, аны тамак-аштын баасына кошуп жиберген учурлар аныкталды. Мындай аракеттер мыйзам бузуу катары бааланат.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Антимонополиялык жөнгө салуу кызматына жана Мамлекеттик салык кызматына жүктөлгөн. Эрежелерди бузган ишкерлерге айып пул салынат.

Тактап айтканда, товарды кем салмакта берүү, порциянын көлөмүн азайтуу же керектөөчүнү алдоо үчүн жеке адамдарга 16 миң 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 51 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Товарды көрсөтүлгөн баадан жогору саткан учурда жеке адамдарга 30 миң сом, юридикалык жактарга 15 миң сом айып пул салынат. Улуттук валютада баа көрсөтмөлөрүнүн жоктугу үчүн да ушундай эле айып пулдар каралган.

Мындан тышкары окуңуз

"Күн-Туу" көмөкчордонунун кубаттуулугу 50 МВАга чейин көбөйтүлөт

"Күн-Туу" көмөкчордонунун кубаттуулугу 50 МВАга чейин көбөйтүлөт

Чүй облусунда энергетикалык объекттерди куруу жана модернизациялоо долбоорлору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда 250 МВА 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөкчордонуна экинчи кезектеги курулуш иштери башталды. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформатору орнотулат. Натыйжада көмөкчордондун кубаттуулугу 50 МВАга чейин жогорулап, анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү

Кыргызстан менен Корея айыл чарба тармагындагы кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Корея айыл чарба тармагындагы кызматташууну кеңейтет

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангдже менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланды. Өзгөчө айыл

Бишкекте көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды

Бишкекте көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен шаар аймагында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чара шаар инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык абалды чыңдоо жана борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү максатында өткөрүлөт. Ага ылайык, 14-марттан 16-майга чейин борбор калаада аймактарды тартипке келтирүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана шаар

Жибек Жолундагы көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет

Жибек Жолундагы көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет

Бүгүн түштөн кийин Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болсо, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында ал 13 метрге чейин кеңейтилди. Аба ырайынын начарлап жаткандыгына жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугун эске алуу менен көпүрөнүн бир тарабы ачылып, транспорт кыймылы уюштурулат. Көпүрөнүн