Тигүү жана текстиль тармагындагы салык төлөмдөрү азайды

Тигүү жана текстиль тармагындагы салык төлөмдөрү азайды

Салык кызматы 2025-жылдын 31-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкалары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлгөнүн маалымдайт.

Мыйзамга ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта бул тармактагы ишкерлер ар бир кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынынын 12% өлчөмүндө төлөшөт, бул сумма 2 115,5 сомду түзөт. Киреше салыгы орточо айлык эмгек акынын 1% өлчөмүндө болуп, 440,7 сомду түзөт. Натыйжада, бир кызматкер үчүн жалпы төлөмдөр 2 556,2 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2026-жылы орточо айлык эмгек акы 44 070 сом деп белгиленди.

Бул өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, салыктык жүктү азайтууга жана башкарууну жакшыртууга багытталган. Ошондой эле, алар өндүрүштү өнүктүрүү, продукциянын ички жана тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жумуш менен камсыздоону стимулдаштыруу жана тармактын экспорттук потенциалын өстүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр 14 миңден ашуун кыргызстандык Өзбекстанда дарыланган

Былтыр 14 миңден ашуун кыргызстандык Өзбекстанда дарыланган

2025-жылдын январь-ноябрь айларында 14 миңден ашуун Кыргызстандын жараны медициналык жардам алуу максатында Өзбекстанга барганы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. Расмий маалыматка ылайык, жыл башынан бери Өзбекстанга жалпы 80 миң 653 чет өлкөлүк жаран дарылануу үчүн келген. Медициналык туристтердин көпчүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары түзөт. Атап айтканда, Тажикстандан 55

Улуттук кордиология борборунда бир катар мүчүлүштүктөр аныкталып, 2 жетекчи жумуштан алынды

Улуттук кордиология борборунда бир катар мүчүлүштүктөр аныкталып, 2 жетекчи жумуштан алынды

Саламаттыкты сактоо министринин тапшырмасы менен Улуттук кардиология борбору жана жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институту тешерилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Министрдин орун басары Бакытбек Кадыралиев башында турган ак халатчандар кече 12-январда, ал жердеги медиктердин дарылоо иштерине жана аппараттардын иштөө процессин текшерип чыгышкан. Билдирүүгө

Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштери 80% аяктады

Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштери 80% аяктады

“Чакан ГЭС” ААК бүгүнкү күндө Орто-Токой ГЭСин куруу иштерин 80% аяктады. Орто-Токой ГЭСинде курулуш иштери бекитилген графикке ылайык активдүү уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, деривациялык тоннелдин казуу иштери толугу менен бүткөрүлүп, суу өткөрүүчү тоннелдин каптамасын бетондоо иштери жүрүүдө. Тармакталуучу түйүндөгү камеранын дубалдары жана грунт даярдалып, бекемделүүдө. Үч

Былтыр импорттолгон жүктөрдөн 112 мыйзам бузуу фактысы катталган

Былтыр импорттолгон жүктөрдөн 112 мыйзам бузуу фактысы катталган

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында импорттолгон жүктөрдү текшерүү учурунда 112 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган фактылар боюнча тиешелүү артка кайтаруу актылары түзүлдү. Аныкталган мыйзам бузуу фактылары төмөнкү мамлекеттерге тиешелүү болду: * Казакстан – 48 акт * Өзбекстан