"Бала ырысы" жөлөк пулун берүү процесси автоматташтырылат

"Бала ырысы" жөлөк пулун берүү процесси автоматташтырылат

"Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун берүү процесси автоматташтырылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жөлөк пулду алуу тартибин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү, жарандардын убаракерчилигин азайтуу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында 1-июлга чейин жаңы жөлөк пулду берүү боюнча жол-жоболор жана механизмдер иштелип чыгат. Ошондой эле үй-бүлөлөр үчүн процессти жеңилдетүү максатында электрондук модул иштеп чыгуу пландалууда. Ага ылайык, бала төрөлгөндөн тартып жөлөк пул автоматтык түрдө дайындалып, каражат ата-энелердин эсебине түшүп турат.

Бул багытта техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Анын алкагында "Кызмат", "Түндүк" мекемелеринин өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана программисттердин катышуусунда кеңешме өткөрүлөрү белгиленди.

Белгилей кетсек, буга чейин Президент Садыр Жапаров "Бала ырысы" жаңы мамлекеттик жөлөк пулун киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен