Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларына коюлуучу талаптар күчтөндүрүлөт

Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларына коюлуучу талаптар күчтөндүрүлөт

Министрлер Кабинети виртуалдык активдер чөйрөсүн мындан ары жөнгө салууга жана крипторынокту өнүктүрүү үчүн туруктуу шарттарды түзүүгө багытталган токтом кабыл алды.

Документке ылайык, виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчү иштеп жаткан субъекттер 2026-жылдын 1-мартына чейин уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн виртуалдык активдер менен соода жүргүзүү операторлорунун (криптобиржалардын) ишмердүүлүгү жөнүндө жободо белгиленген талаптарга ылайык келтирүүгө милдеттүү. Бул талаптар 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтом менен бекитилген.

Ошол эле учурда МинКабдын 2025-жылдын 6-мартындагы № 117 токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылды. Аталган пункт аркылуу буга чейин виртуалдык активдерди жөнгө салуу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилген болчу.

Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы Ош базары жана Батыш автобекети качан бүтөрү белгилүү болду

Жаңы Ош базары жана Батыш автобекети качан бүтөрү белгилүү болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкекте курулуп жаткан стратегиялык объекттер менен таанышып, транспорттук, соода-сатык жана спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иштерди көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Төрага Батыш автобекетинин курулушу жана жол тармактарынын абалы менен таанышып, борбордогу унаа тыгындарын азайтуу үчүн жалпы узундугу 8,74 км болгон

Казакстанда мобилдик акча которууларды көзөмөлдөөнүн жаңы эрежелери кирди. Кандай өзгөрүүлөр болду жана эмнелер эске алынышы керек?

Казакстанда мобилдик акча которууларды көзөмөлдөөнүн жаңы эрежелери кирди. Кандай өзгөрүүлөр болду жана эмнелер эске алынышы керек?

Элдин эсинде болсо, 2025-жылдын июнь айында Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги өлкөнүн Улуттук банкы жана коммерциялык банктары менен биргеликте жаңы Салык кодексине кошумчаларды киргизген. Ал кошумчаларда кайсы бир физикалык жакка мобилдик которуулар менен 3 ай ичинде 1,02 млн тенгеге чейин (минималдык айлык маяна көлөмү) гана которууга боло турган чектөөнү киргизүү

Былтыр Кыргызстанда темир жол аркылуу жүк ташуу 10 млн тоннага жеткен

Былтыр Кыргызстанда темир жол аркылуу жүк ташуу 10 млн тоннага жеткен

2025-жылы темир жол аркылуу 10 миллион тоннадан ашык жүк ташылганын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдады. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч ишкананын тарыхындагы рекорддук жыйынтык болуп саналат. Буга чейин өлкөдө темир жол аркылуу жүк ташуунун орточо жылдык көлөмү болжол менен 7 миллион тоннаны түзүп келген. Ишкана билдиргендей, жүк ташуунун

Тамактын порциясын азайтып, бааны көтөргөн кафе, ресторандарга айып пул салынат

Тамактын порциясын азайтып, бааны көтөргөн кафе, ресторандарга айып пул салынат

2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларында, анын ичинде кафе жана ресторандарда, кызмат көрсөтүү акысын алууга тыюу салган токтом күчүнө кирди. Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы билдиргендей, бул норма күчүнө киргенден кийин айрым жайлардын ээлери кызмат көрсөтүү акысын формалдуу түрдө жойгон менен, аны тамак-аштын баасына кошуп жиберген учурлар аныкталды. Мындай аракеттер