М.Маматалиев: “Бишкектин четиндеги айылдар борборго кошулганы менен аты да, заты да өзгөргөн жок”

М.Маматалиев: “Бишкектин четиндеги айылдар борборго кошулганы менен аты да, заты да өзгөргөн жок”

Өткөн жылы Бишкек шаарынын чет жакасындагы айылдар борборго кошулганы менен анын аты да заты да өзгөргөн жок. Мындай пикирин депутат Марлен Маматалиев бүгүн ЖКтин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ордо калаага Сокулук ж.б жактан айылдар кошулду, бирок ал айылдар мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калды.

“Борбор болгондон кийин борбордой болуш керек. Премьер-министр айтты эле - 6 млрд сом бөлүнүп жатат деп, ошол акчаны комплекстүү турдө туура багытка жумшоону сунуштайм. Бишкек шаарынын борбору кандай болсо, чети да ошондой болушу керек. Мисалы 1-май районун карай турган болсок, Борбор жагы кандай, чет жагы кандай? Комплектүү турдө акчаны туура багытка жумшап, “Калыс ордо”, “Мурас ордо”, “Ак босого” сыяктуу жаңы конуштарды – жаңы конуш деп айтпай “квартал” же “микрорайон” деген наам бериш керек. Жөн эле атын атап койбой суу, канализация, жол маселелерин чечүү зарыл. Ал жак шаардай эмес. “Шаарда жашаймын” – деп да, айта албайсын” – деп, билдирди Маматалиев.

Депутат 2026-жылы жаңы 20 мектеп жаны 10 бала бакча салынаарын эске салып, алардын да инфраструктуралык жагын кароого үндөп, бюджетти карап жатканда туура бөлуштүрүп, тийиштүү багыттарга жумшоону суранды.

Эске салсак, Бишкек шаарынын административдик райондордун аймагына төмөнкүлөр кошулган:

Ленин районуна - Сокулук районундагы Орок жана Новопавловка айыл аймактары;

Октябрь районуна - Аламүдүн районундагы Көк-Жар айыл аймагы, Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагынын баштап, Орто-Сай айылы жана Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл аймагы;

Биринчи Май районуна - Аламүдүн районундагы Маевка, Пригородный айылдары, Аламүдүн районундагы Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык турак жай массивдери, Сокулук районундагы Ат-Башы айылынын Ак-Жол айылынын No 177 контуру;

Свердлов районуна - Аламүдүн районундагы Аламүдүн, төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айыл аймактары, Мыкан айылы жана Аламүдүн районундагы Ленин айыл аймагынын «Ак-Жар», «Нуркожо-Ата», «Адилет» конуштары.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдун муниципалдык кызматтарына унаалар тапшырылды

Караколдун муниципалдык кызматтарына унаалар тапшырылды

Бүгүн Каракол шаарында муниципалдык кызматтарга техникалык колдоо көрсөтүлүп, мэрия 16 жаңы кызматтык унаанын ачкычын тапшырды. Муниципалитеттин маалыматына караганда, бул техника калкты сапаттуу жана ыкчам тейлөө, ошондой эле муниципалдык милдеттерди тез жана уюшкандыкта аткаруу максатында пайдаланылат. Жаңы унаалардын ачкычтарын Каракол шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Саламат Чыныбеков тапшырды.

Бишкекте жыл ичинде 4 миңден ашык дарак кесилди

Бишкекте жыл ичинде 4 миңден ашык дарак кесилди

2025-жылы Бишкекте 4 миң 66 дарак кесилген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 197,7% көп экени шаарды өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык программаны жүзөгө ашыруу отчетунда айтылат. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы 1 миң 771 дарак, ал эми 2024-жылы 1 миң 366 дарак кесилген. Чиновниктердин пикиринде, бул "жашыл бак-дарактарды коопсуздукту камсыздоо жана санитардык

Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетине тапшырган кыргызстандык  жигитти куттуктады

Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетине тапшырган кыргызстандык жигитти куттуктады

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарындагы Стэнфорд университетинде бакалавриат программасы боюнча толук гранттык окууга өткөн Амиртай Бексултанов менен жолугушту.  Министрлер Кабинетинин башчысы Амиртай Бексултановду дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бирине ийгиликтүү тапшыргандыгы менен куттуктап, бул жетишкендик даярдыктын, максатка жана билимге болгон умтулуунун жогорку деңгээлинин ачык далили экенин баса

Талас шаарында заманбап медциналык борбор ишке кирет

Талас шаарында заманбап медциналык борбор ишке кирет

Талас шаарында аянты 1000 чарчы метрден ашкан заманбап медициналык борбор ишке кирерин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Борбордун өзгөчөлүгү — анда миниинвазивдик хирургия жана артроскопия ыкмаларынын киргизилишинде. Буга чейин аймактын тургундары муундардын жаракатынан кийин калыбына келүү же ЛОР-операцияларын жасатуу үчүн Бишкекке келүүгө мажбур болушчу. Жаңы борбордо заманбап жасалма дем алдыруучу аппараттар, жогорку