Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетине тапшырган кыргызстандык жигитти куттуктады

Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетине тапшырган кыргызстандык  жигитти куттуктады

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарындагы Стэнфорд университетинде бакалавриат программасы боюнча толук гранттык окууга өткөн Амиртай Бексултанов менен жолугушту.

 Министрлер Кабинетинин башчысы Амиртай Бексултановду дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бирине ийгиликтүү тапшыргандыгы менен куттуктап, бул жетишкендик даярдыктын, максатка жана билимге болгон умтулуунун жогорку деңгээлинин ачык далили экенин баса белгиледи. Ал жаштардын мындай ийгиликтери өсүп келе жаткан муун үчүн шыктандыруучу мисал болуп берерин белгиледи.

 “Бул Амиртайдын ата-энеси үчүн гана эмес, өлкө үчүн да сыймык. Мындай мисалдар окуучуларыбызды билимге умтулууга жана максаттарына жетүүгө шыктандырат деп эсептейм. Амиртайга чоң ийгиликтерди каалайбыз”, - деди ал.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы жаштардын интеллектуалдык потенциалын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.

 Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев окуусуна мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалап, ага эстеликке белек тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media