Мамлекеттик "Эко Оператор" ишканасы 2025-жылы утилдештирүү төлөмдөрүнөн 60 млн сом чогултту

Мамлекеттик "Эко Оператор" ишканасы 2025-жылы утилдештирүү төлөмдөрүнөн 60 млн сом чогултту

2024-жылы өндүрүштүк жана керектөө калдыктары тууралуу мыйзам кабыл алынып, ага ылайык Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы (ТН ВЭД) коду боюнча 24 түрдөгү товарга утилдештирүү жыйымы (утильсбор) киргизилди. Бул товарлардын курамында 300 позициядан турган субтоварлар бар. Бул тууралуу АКИpress агенттигине берген маегинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башчысы Медер Машиев билдирди.

ТН ВЭД (Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы) — Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн (Россия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргызстан) чек арасынан өткөн бардык товарларды классификациялоочу бирдиктүү код системасы.

"Бул аркылуу биз өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги — РОБ принцибин киргиздик. Бүгүнкү күндө мамлекеттик ишкана катары “Эко Оператор” түзүлдү. Азыр экооператор утилдештирүү төлөмдөрүн чогултуу менен алектенип жатат", — деп түшүндүрдү министр.

Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Эко Оператор" болжол менен 60 млн сом чогулткан. Бул каражаттар пластикти, таңгактоочу материалдарды жана башка товар түрлөрүн утилдештирүүгө багытталат.

Ошондой эле Медер Машиев учурда унаалар утилдештирүү жыйым системасына киргизиле электигин, бирок алардын айрым тетиктери камтылганын белгиледи. "Жогоруда айтканымдай, 24 товар позициясынын ичинен айрымдары автоунаанын тетиктери — айнек, дөңгөлөк, аккумулятор жана башка өзүнчө товарлар", — деди ал.

Министрдин айтымында, Жаратылыш ресурстары министрлиги өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасынын жыйынтыктары баалангандан кийин гана автоунааларга утилдештирүү жыйымын киргизүү боюнча чечим кабыл алат.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.