Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы радиожыштыктарды сатуу боюнча 4 онлайн-аукцион өткөрүлгөн.

Аукциондордун жыйынтыгында жалпы сатуу суммасы 1 миллиард 557,5 миллион сомду түзгөн.

Аукциондор боюнча маалымат:

Негизги түшүм 2575–2625 МГц диапазонундагы (тилкенин туурасы 50 МГц) радиожыштыкты сатуудан түшкөн. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында LTE технологияларын колдонуу менен кең тилкелүү байланыш системаларын экинчи негизде пайдалануу үчүн каралган.

Аукционго коюлган үч участоктун ичинен эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп табылып, баштапкы баасы 128 млн сомдон ашкан радиожыштык 1 млрд 552 млн сомдон жогору баада сатылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы түндө башталчу дүң эт сатуу бүгүнтөн тарта жаңы “Алтын-Така” базарындагы “Чүйгүн” эт павильонуна көчүрүлгөнү тууралуу маалымат соцтармактарга чыкты. Бул кадам Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык эл аралык стандарттарды кармануу максатында жасалган. Мамлекет эми Бишкекке тарачу эттин баасын жана сапатын тыкыр көзөлгө алат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Жыл башынан бери Баткен облусунда 50 миң 909 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.  Анын ичинде:  * мас абалында унаа башкарган — 1108 айдоочу; * ылдамдыкты ашырып айдаган — 7798 айдоочу; * терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 268 айдоочу; * тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1824 айдоочу; * автоээнбаштык кылган — 63 айдоочу; * жол

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбай тургандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди. Ал белгилегендей, учурда күбөлүктү алмаштырууга даярданган жарандардын маалымкат алуу үчүн бейтапканаларда кезеги көбөйгөнү айтылууда. “Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз

Седандар джиптерге каршы: Кыргызстанда чындыгында кайсы унаалар көбүрөөк колдонулат

Седандар джиптерге каршы: Кыргызстанда чындыгында кайсы унаалар көбүрөөк колдонулат

Кыргызстандын көчөлөрүн караганда кроссоверлер менен жол тандабастар барган сайын көбөйүп жаткандай сезилгени менен унаа паркынын расмий статистикасы таптакыр башка көрүнүштү көрсөтөт. Өлкөдө жеңил унаалардын негизги бөлүгүн мурдагыдай эле седандар жана универсалдар түзөрүн economist.kg сайты анализ кылды. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына