АКШ 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык визаларды берүү арыздарын кароону токтотту

АКШ 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык визаларды берүү арыздарын кароону токтотту

АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга арыздарды кароону убактылуу токтотконун Fox News телеканалы ведомствонун кызматтык кат-кагазына таянып билдирди.

Документке ылайык, консулдук кызматкерлерге карата текшерүү жана талапкерлерди тандоо жол-жоболору кайра каралып бүткөнгө чейин, колдонулуп жаткан мыйзамдардын алкагында визаларды берүүдөн баш тартуу тапшырмасы берилген.

Fox News билдиргендей, бул чечим 21-январдан тартып күчүнө кирет жана белгисиз мөөнөткө — Мамлекеттик департамент визалык жол-жоболорду толук кайра баалап бүткөнгө чейин уланат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти түшүндүрмө берип, чектөөлөр АКШ бийлигинин баамында, жарандары америкалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен социалдык жардамды өтө көп алган өлкөлөргө карата киргизилгенин белгиледи. Чектөөлөр АКШ жаңы иммигранттар коом үчүн каржылык жүк болбой турганына толук ишене алганга чейин күчүндө болот.

Fox News маалыматына ылайык, тизмеге кирген 75 өлкө төмөнкүлөр:

Афганистан, Албания, Алжир, Антигуа жана Барбуда, Армения, Азербайжан, Багам аралдары, Бангладеш, Барбадос, Беларусь, Белиз, Бутан, Босния, Бразилия, Мьянма, Камбоджа, Камерун, Кабо-Верде, Колумбия, Кот-д’Ивуар, Куба, Конгонун Демократиялык Республикасы, Доминика, Египет, Эритрея, Эфиопия, Фиджи, Гамбия, Грузия, Гана, Гренада, Гватемала, Гвинея, Гаити, Иран, Ирак, Ямайка, Иордания, Казакстан, Косово, Кувейт, Кыргызстан, Лаос, Ливан, Либерия, Ливия, Түндүк Македония, Молдова, Монголия, Черногория, Марокко, Непал, Никарагуа, Нигерия, Пакистан, Конго Республикасы, Россия, Руанда, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадиндер, Сенегал, Сьерра-Леоне, Сомали, Түштүк Судан, Судан, Сирия, Танзания, Таиланд, Того, Тунис, Уганда, Уругвай, Өзбекстан, Йемен.

Иммиграциялык визалар АКШга туруктуу жашоого көчүп барууну каалаган чет өлкөлүк жарандарга берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда аңчылык кылуу  билетинин баасы 15 миң сом болот

Кыргызстанда аңчылык кылуу билетинин баасы 15 миң сом болот

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде билдиргендей, 2025-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык боюнча 75 факт катталганын билдирди. Анын айтымында, аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча 121 протокол түзүлүп, суммасы 1,5 млн сомдон ашык айып пул салынган. Мыйзамсыз аңчылык республиканын бардык аймактарында жайылган:

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштуруларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар эми саатына жараша эсептелеби?

Бишкек шаардык мэриясы "Шаардагы муниципалдык паркингдердин жана токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселелери жөнүндө" токтом долбоорун иштеп чыкты. Бул документ шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна чыгарылган. Долбоордун негизги пункттары: * Муниципалдык паркингдер жана токтотуучу жайлар боюнча Жобону бекитүү пландалууда; * Паркинг үчүн расмий тарифтерди орнотуу; * Убакытты автоматтык эсептөөчү система менен жабдылган

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат Уланбек Жаанбаев "Бакай-Ата" турак жай массивиндеги жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну Жогорку Кеңештин жыйынында суранды. Анын айтымында, "Бакай-Ата" жаңы конушу 1989-жылы түзүлгөн жана баш калаадагы алгачкы турак жай массивдеринин бири болуп эсептелет. "Аймакта негизги инфраструктуралар — газ жана канализация бар, бирок 96 үй-бүлөнүн дагы эле өз