Бишкекте Вьетнам компаниясынын ишкерликти өнүктүрүү кеңсеси ачылды

Бишкекте Вьетнам компаниясынын ишкерликти өнүктүрүү кеңсеси ачылды

Бишкек шаарында Вьетнам компаниясы тарабынан негизделген заманбап кеңсе борбор ачылды. Борбор өлкөгө инвестиция тартуу иш-чараларынын алкагында ишке кирди.

Борборду министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ачып, заманбап кеңсе менен таанышып чыкты.

Маалымдалгандай, бул кеңсе ишкердикти өнүктүрүүгө, инвесторлордун иштөөсүнө шарт жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана башка тиешелүү кызматкерлер, чет элдик компаниянын өкүлдөрү катышууда.

Эскерте кетсек, заманбап кеңсе борбор мурунку "Ай-Пери" бизнес борборунун ордунда түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдын Ухань шаарында 5 эм бала төрөлдү

Кытайдын Ухань шаарында 5 эм бала төрөлдү

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында 24 жаштагы синьцзяндык жаш эне беш ымыркайды жарык дүйнөгө алып келгенин Казинформ кабарлады. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, балдардын абалы салыштырмалуу туруктуу. Беш эмдин бири - 990 грамм салмактагы эркек бала. Калган төртөө кыздар болуп, алардын салмагы 870, 970, 1020 жана 1030 граммды түзгөн. Ымыркайлардын Апгар шкаласы

Министр Эрлист Акунбеков ветеринардык коопсуздук боюнча маалымат алды

Министр Эрлист Акунбеков ветеринардык коопсуздук боюнча маалымат алды

МинКаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кечээ Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна барды. Ведомстводон маалымдашкандай, министр институттун материалдык-техникалык базасы, заманбап лабораториялары жана илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары менен таанышты. Ошондой эле ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

Корея Республикасы Кыргызстандагы мамлекеттик органдарга Hyundai IONIQ 5 үлгүсүндөгү он даана электромобиль тапшырганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, автоунааларды жеткирүү Корея тарабынан каржыланып, Кыргызстанда экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү жана мамлекеттик автопарктарды электромобилдерге өткөрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA)

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

2026-жылдын 28-февралынан 2-мартка чейин "Соң-Көл балык чарбасы" Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Рейд учурунда Соң-Көл көлүнүн акваториясынын үстүндө жана жээк тилкесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада мыйзамсыз балык уулоо фактысы жана ээсиз синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталган жок. Суу ресурстары, айыл