Кыргызстандын виртуалдык активдерин жүгүртүү көлөмү жогорулап жатат

Кыргызстандын виртуалдык активдерин жүгүртүү көлөмү жогорулап жатат

АКШ тараптын демилгеси менен Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Жолугушууда Фархат Иминов Улуттук кеңештин максаттары жана милдеттери, ошондой эле анын аткаруучу органы болуп саналган катчылыктын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Ал Кыргызстандагы виртуалдык активдер рыногу институционалдык өсүү баскычына өткөнүн белгилеп, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүгүртүү көлөмү 860 млрд сомго жакындаганын билдирди.

Фархат Иминовдун айтымында, санарип сомду киргизүү, реалдуу активдерди токенизациялоо долбоорлору, калктын санариптик каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, мыйзамдык жана жөнгө салуучу нормаларды өркүндөтүү, ошондой эле виртуалдык активдер тармагындагы дүйнөлүк тенденцияларды эске алган инфраструктураны түзүү сыяктуу демилгелерди ишке ашыруу Кыргызстанды Web3 технологиялары боюнча аймактык хабга айлантууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле бул багытта KGST КМШ өлкөлөрүнүн арасында глобалдык Binance криптовалюта платформасына листингге киргизилген биринчи стейблкоин болгону белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Министр Эрлист Акунбеков ветеринардык коопсуздук боюнча маалымат алды

Министр Эрлист Акунбеков ветеринардык коопсуздук боюнча маалымат алды

МинКаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кечээ Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна барды. Ведомстводон маалымдашкандай, министр институттун материалдык-техникалык базасы, заманбап лабораториялары жана илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары менен таанышты. Ошондой эле ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

Корея Республикасы Кыргызстандагы мамлекеттик органдарга Hyundai IONIQ 5 үлгүсүндөгү он даана электромобиль тапшырганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, автоунааларды жеткирүү Корея тарабынан каржыланып, Кыргызстанда экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү жана мамлекеттик автопарктарды электромобилдерге өткөрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA)

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

2026-жылдын 28-февралынан 2-мартка чейин "Соң-Көл балык чарбасы" Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Рейд учурунда Соң-Көл көлүнүн акваториясынын үстүндө жана жээк тилкесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада мыйзамсыз балык уулоо фактысы жана ээсиз синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталган жок. Суу ресурстары, айыл

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер бойдон калганын "Автостат" аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков билдирди. Анын айтымында, февраль айында жеңил автоунаалардын импорту 35%га өскөн. Тагыраагы, бул айда Кыргызстандан Россияга 46,8 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Бул өткөн жылдын февраль айына (35