Президент Садыр Жапаров 2025-жылы 25 чет өлкөлүк сапарга чыкты
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылы чет өлкөлөргө 25 жолу сапар кылганын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул сапарлардын ичинен үчөө мамлекеттик, үчөө расмий жана он сегизи жумушчу сапарлар болгон.
Ошондой эле 2025-жылы кол коюу үчүн 633 эл аралык документ даярдалган, алардын ичинен 163ү эки тараптуу, ал эми 407си көп тараптуу мүнөздө.
Белгилей кетсек, жалпысынан 190го жакын жолугушуу жана сапарлар өткөрүлгөн, алардын ичинен алтымышы Кыргызстандын аймагында, ал эми 130га жакыны чет өлкөлөрдө ишке ашкан.