Зергерчиликке салык жеңилдиктери киргизилди
Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, зергерчилик тармагындагы ишкерлерге бир катар салык жеңилдиктери берилерин маалымдайт.
Ага ылайык, өлкөгө алып келинген зергерчилик жабдуулары, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар КНС төлөөдөн бошотулат. Ошондой эле, мурда алынган же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган буюмдарды 2 ай ичинде легалдаштыруу үчүн мораторий киргизилүүдө.
Зер буюмдарын өндүрүүчүлөргө өзүнүн эн белгиси менен изделген сыноо функциялары ыктыярдуу негизде өткөрүлөт. Мындан тышкары, каттоого турбастан иш жүргүзгөндөр үчүн жоопкерчилик каралган (жеке жактар – 5 000 сом, юридикалык жактар – 13 000 сом).
Бул чаралар өндүрүштү модернизациялоо, продукциянын наркын төмөндөтүү жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Белгилей кетсек, 2025-жылдын 31-июлундагы мыйзамга ылайык, зер буюмдарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,25% деп белгиленген.