АКШда жарым өткөргүчтөрдү импорттоого 25%дык бажы алымы киргизилди
АКШнын президенти Дональд Трамп жарым өткөргүчтөрдү импорттоого 25%дык бажы алымын киргизди. Тиешелүү документ Ак үйдүн сайтында жарыяланды.
Бажы төлөмү Nvidia H200 жана AMD MI325 сыяктуу чиптерге тиешелүү болот. Бирок айрым учурларда, атап айтканда, жарым өткөргүчтөр өлкөнүн өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү, илимий изилдөөлөр жана маалыматтарды иштетүү борборлорунда колдонуу үчүн импорттолсо, алым алынбайт.
Документте АКШ учурда керектелген жарым өткөргүчтөрдүн болгону 10%ын гана өзү өндүрөрү жана чет өлкөлүк жеткирүүлөргө олуттуу көз каранды экени, бул улуттук коопсуздукка коркунуч туудурары белгиленет.
Axios порталынын маалыматына караганда, буга чейин Тайванда өндүрүлгөн чиптерди Кытайга экспорттоого уруксат алган Nvidia компаниясы эми аларды АКШга киргизүүдө бажы алымын төлөөгө мажбур болот.