Асыл тукум чарбаларды каттоо бирдиктүү системасы иштелип чыкты
Кыргызстанда асыл тукум чарбаларды жана жасалма уруктандыруу пункттарын эсепке алуу жана каттоо боюнча бирдиктүү система иштелип чыкканын Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.
Система асыл тукум чарбалардын макамын ыйгаруу, тастыктоо жана өзгөртүү үчүн онлайн-арыздарды кабыл алууга, ошондой эле электрондук сертификаттарды берүүгө мүмкүндүк түзөт. Ошондой эле асыл тукум чарбаларды баалоо процесстери автоматташтырылып, бирдиктүү электрондук реестр жүргүзүлөт.
Маалыматтык система мал чарбачылыгында өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, мал ээлеринин жасалма уруктандыруу кызматтарына жана асыл тукум урукка жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Мындан тышкары, платформа тармакта санариптик чечимдерди киргизүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.