Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

Министрлер кабинети жарандардын ашыкча чыгымдарын кыскартуу жана салттуу иш-чаралардагы социалдык басымды азайтуу максатында "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү жөрөлгөлөрүн тартипке салуу жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Негизги сунуштар:

  • Үйлөнүү тойлорго жана үй-бүлөлүк салтанаттарга 200 адамдан ашык чакырууга болбойт, ошондой эле бир гана жылкы же уй союуга уруксат берилет.
  • 350 адамдан ашкан ири тойлорго тыюу салынат.
  • Фейерверктерге, ашыкча шоу-программаларга, ошондой эле ысырапкор салттарга — кийит кийгизүү, себет берүү, түштөндүрүү, кымбат белек берүүгө мажбурлоо — тыюу салынат.
  • Каза болгон күнү мал союу сунушталбайт.
  • Жылдык аш өткөрүү милдеттүү эмес.
  • 3, 7 жана 40 күндүк аза күтүүдө майда жандык же бир гана жылкы же уй союуга уруксат берилет.
  • Шаан-шөкөттүү аштарды кайрымдуулукка, мечитке садака берүүгө же коомдук муктаждыктарга жумшоону сунушталат.

Түшүндүрмө катта документтин максаты салттарды чектөө эмес, аларды иретке келтирүү экени белгиленген. Анткени көптөгөн үй-бүлөлөр кадыр-барк үчүн ашыкча чыгымга барып, карыз алууга мажбур болууда.

Долбоордо ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын ролу аныкталган — калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана белгиленген тартиптин сакталышын көзөмөлдөө.

Мындан тышкары окуңуз

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

KOICA Кыргызстанга он даана Hyundai электромобилин тапшырды

Корея Республикасы Кыргызстандагы мамлекеттик органдарга Hyundai IONIQ 5 үлгүсүндөгү он даана электромобиль тапшырганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, автоунааларды жеткирүү Корея тарабынан каржыланып, Кыргызстанда экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү жана мамлекеттик автопарктарды электромобилдерге өткөрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоор Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA)

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо катталган жок

2026-жылдын 28-февралынан 2-мартка чейин "Соң-Көл балык чарбасы" Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Рейд учурунда Соң-Көл көлүнүн акваториясынын үстүндө жана жээк тилкесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада мыйзамсыз балык уулоо фактысы жана ээсиз синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталган жок. Суу ресурстары, айыл

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер бойдон калганын "Автостат" аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков билдирди. Анын айтымында, февраль айында жеңил автоунаалардын импорту 35%га өскөн. Тагыраагы, бул айда Кыргызстандан Россияга 46,8 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Бул өткөн жылдын февраль айына (35

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

8-Март майрамынын алдында Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл импорттолгонун Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жазгы майрамдардын алдында жаңы үзүлгөн гүлдөрдүн импорту салттуу түрдө сезондук өсүштү көрсөтөт. Февраль айынын башынан бери Кыргызстанга 4,07 млн даана жаңы гүл алып келинген. Январь айына салыштырмалуу жеткирүүлөрдүн көлөмү 31%га