Чек ара аркылуу товар жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып кирүүнүн жоопкерчилиги күчөйт

Чек ара аркылуу товар жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып кирүүнүн жоопкерчилиги күчөйт

Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү аракеттери үчүн жоопкерчилик чараларынын күчөтүлгөндүгүн маалымдады.

Билдирүүгө караганда, тиешелүү өзгөртүүлөр КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген жана 2025-жылдын 31-декабрындагы «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзамына ылайык кабыл алынган.

Тагыраагы, аталган Мыйзамга ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү аракеттери үчүн жоопкерчилик чаралары күчөтүлдү.

Айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн — 10 000 сомдон 20 000 сомго, юридикалык жактар үчүн — 28 000 сомдон 65 000 сомго чейин көбөйтүлдү.

Бул укук бузууларды жыл ичинде кайталагандар үчүн айып пулдардын өлчөмү  жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 40 000 сомго чейин, юридикалык жактар үчүн 65 000 сомдон 100 000 сомго чейин жогорулады. Ошондой эле товарларды конфискациялоо каралган.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Жол» товарларды эсепке алуу пункту аркылуу контролдук жол-жоболордон өтүүдөн качуу максатында жеңил транспорт каражаттары менен тиешелүү коштомо документтери жок товарларды КРнын аймагына ташып кирүү учурлары көбөйгөн. Аталган тилкеде косметикалык продукциялар, биологиялык активдүү кошулмалар, дары-дармек каражаттар, тамеки буюмдар, уюлдук телефондор, вейптер жана электрондук тамекилер сыяктуу эсепке алынбаган товарларды алып кирүү аракеттери катталууда.

Ушуга жараша, Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү КРнын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance — дүйнөдөгү алдыңкы глобалдык блокчейн экосистемаларынын бири жана соода көлөмү боюнча эң ири криптовалюта биржасы болуп саналат. BAKAI экосистемасы Binance Pay менен BAKAI’га негизделген жаңы чечимди ишке киргизгенин жарыялады. Бул чечим өлкөнүн каалаган жеринде криптовалюта аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы мүмкүнчүлүк Binance Pay инфраструктурасын

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Кыргызстанда эт өндүрүшүн көбөйтүү жана бааны турукташтыруу максатында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдө азык-түлүк бааларын турукташтыруу, айрыкча эттин баасын жөнгө салуу боюнча

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда болжол менен 2300 ветеринар керек, бирок учурда болгону 1200 адис гана иштеп жатат. Бул тууралуу радио эфиринде Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Абай Казаков билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформадан кийин айыл өкмөттөрүнүн саны 400дөн 235ке чейин кыскарган.

Кыргызстан Кытайга экологиялык таза продукция экспорттоону көбөйтөт

Кыргызстан Кытайга экологиялык таза продукция экспорттоону көбөйтөт

Кыргызстандын соода өкүлү Кытайдын Чэнду шаарында экологиялык таза продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Экономика жана коммерция министрлигинин Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлү Жусубали Торомаматов Чэнду шаарында "Chengdu International Trade Group Co., Ltd." мамлекеттик соода корпорациясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстандан