Экономика министрлиги 2026-жылы 2 млн долларды региондорду өнүктүрүүгө жумшайт

Экономика министрлиги 2026-жылы 2 млн долларды региондорду өнүктүрүүгө жумшайт

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылы Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун (КДУД)) алкагында 2 млн долларды өздөштүрүүнү пландап жатканын биринчи вице-министр Чоро Сейитов координациялык комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, долбоор 2025-жылдын экинчи чейрегинде башталып, ушул кезге чейин 1 млн доллар өздөштүрүлгөн. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылайт, жалпы бюджети 27 млн долларды түзөт. Анын ичинен 25 млн доллар — 50 жылдык пайызсыз кредит, 2 млн доллар — гранттык каражат.

Долбоор өлкөнүн бардык аймактарындагы 40 айыл аймагын камтып, каржылоо негизинен айыл чарба, саламаттык сактоо, энергетика жана социалдык инфраструктура багыттарына багытталган. Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучулар бөлүмү алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун ишке ашырды. И.А.Б. аттуу карызкорго каршы жүргүзүлгөн аткаруу иши алкагында сот аткаруучулар анын айлыгынан алимент өндүрүүнү камсыз кылышты. Күчөтүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 16-августунан тарта бүгүнкү күнгө чейин алимент толук көлөмдө өндүрүлдү. Өндүрүлгөн алименттин жалпы суммасы 15

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад облустук сотунун чечиминин негизинде алимент төлөбөй жүргөн Т.Ш.А. аттуу жаран эки жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Сот аткаруучулар кызматына Жалал-Абад (Манас) шаардык сотунун чечиминин негизинде карызкор Т.Ш.А.дан 2018-жылдын 18-апрелинен тартып кирешесинин тең жарымын алимент катары

Лондондогу ICE биржасында мунай баасы 5%дан ашык өстү

Лондондогу ICE биржасында мунай баасы 5%дан ашык өстү

2026-жылдын май айына жеткирилүүчү Brent crude фьючерстери 5%дан ашык өстү. Ал эми 2026-жылдын апрель айына жеткирилүүчү WTI crude фьючерстери NYMEX биржасында 8%дан ашык көтөрүлгөнүн соода маалыматтары көрсөтүүдө. Бишкек убактысы боюнча түн ортосуна карата Brent нефтинин баасы 5,26%га өсүп, баррели 85,68 долларга жеткен. Ал эми WTI

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 3,4 млрд доллар которулган

2025-жылдын жыйынтыгы менен өлкөгө келген акча которуулардын жалпы көлөмү 3 млрд 491,2 млн долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдиришти. Которуулардын негизги бөлүгү – 3 млрд 293,1 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинен Россия акча которуулардын көлөмү боюнча лидер бойдон калууда. Ал жактан 3 млрд 231,8 млн доллар, ал