"Жеңил өнөр жай" ассоциациясы Бангладеш жарандарынын жумуш визаларын узартууну суранды

"Жеңил өнөр жай" ассоциациясы Бангладеш жарандарынын жумуш визаларын узартууну суранды

"Жеңил өнөр жай" ассоциациясы тигүү өнөр жайына эмгек мигранттарын тартуу максатында Кыргызстанда иштеп жаткан Бангладеш жарандарынын жумуш визаларын узартууну өтүнгөнүн ассоциациянын өкүлү "Ала-Тоо" депутаттык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бангладеш жарандары өлкөгө келишимдердин негизинде тартылып, расмий түрдө иштеп, салык төлөп жатышат.

"Ушуга байланыштуу биз компаниялар аркылуу расмий катталган эмгек мигранттарынын жумуш визаларын узартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Алар тартылган учурда келишимдерде эмгек шарттары жана иштөө мөөнөттөрү так көрсөтүлөт", — деди "Жеңил өнөр жай" ассоциациясынын директору Азамат Керимбек уулу.

Ассоциациянын өкүлү визалар узартылбаса, өндүрүш процесстери үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин баса белгиледи.

Ал эми айрым иш берүүчүлөр келишим шарттарын сактабай, чет өлкөлүк жумушчуларга турак жай бербеген учурлар бар экенин белгиледи. Натыйжада кээ бир чет элдик жарандар жашай турган жери жок калууда. Ошол эле учурда бардык талаптарды так аткарып, салык төлөп иштеген компаниялар да бар экенин айтты. Анын айтымында, бардык шарттар сакталган учурда эмгек акынын өздүк наркы төмөн болот.

"Алардын мессенжерлерде өз тайпалары бар, ошол жакта айлык акы 500–600 доллар экенин айтып жатышат. Азыр абал өтө оор — чет өлкөлүк жумушчулар цехтен цехке өтүп жүргөн жергиликтүү тигүүчүлөрдөн да жаман абалга келип калды. Бирок бул маселеге ыкчам чара көрүп жаткан укук коргоо органдарына ыраазычылык билдиребиз", — деген ал бул тармакты катуу жөнгө салуу зарыл экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

"Күн-Туу" көмөкчордонунун кубаттуулугу 50 МВАга чейин көбөйтүлөт

"Күн-Туу" көмөкчордонунун кубаттуулугу 50 МВАга чейин көбөйтүлөт

Чүй облусунда энергетикалык объекттерди куруу жана модернизациялоо долбоорлору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда 250 МВА 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөкчордонуна экинчи кезектеги курулуш иштери башталды. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформатору орнотулат. Натыйжада көмөкчордондун кубаттуулугу 50 МВАга чейин жогорулап, анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү

Кыргызстан менен Корея айыл чарба тармагындагы кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Корея айыл чарба тармагындагы кызматташууну кеңейтет

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангдже менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланды. Өзгөчө айыл

Бишкекте көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды

Бишкекте көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен шаар аймагында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чара шаар инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык абалды чыңдоо жана борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү максатында өткөрүлөт. Ага ылайык, 14-марттан 16-майга чейин борбор калаада аймактарды тартипке келтирүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана шаар

Жибек Жолундагы көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет

Жибек Жолундагы көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет

Бүгүн түштөн кийин Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болсо, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында ал 13 метрге чейин кеңейтилди. Аба ырайынын начарлап жаткандыгына жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугун эске алуу менен көпүрөнүн бир тарабы ачылып, транспорт кыймылы уюштурулат. Көпүрөнүн