2026-жылдын 11-февралында ЕАЭБде навигациялык пломбалар киргизилет

2026-жылдын 11-февралында ЕАЭБде навигациялык пломбалар киргизилет

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы жүк ташууларды навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөө 2026-жылдын 11-февралында башталат. Мындай маалыматты КРнын Мамлекеттик бажы кызматы жарыялады.

Билдирүүгө караганда, 2025-жылдын 1-декабрынан баштап навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү көзөмөлдөөнүн пилоттук долбоору ишин баштаган. Ага ылайык, долбоор 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейин өткөрүлөт жана товарлардын бардык түрлөрү үчүн пломбаларды колдонуу ыктыярдуу жана акысыз. Пилоттук долбоорго катышуу үчүн ташуучулар Мамлекеттик салык кызматына же Кыргыз Республикасынын улуттук операторуна кайрылса болот.

Бүгүнкү күндө КРнын Улуттук оператору («МБИ» ААК) тарабынан эки жүк ташуучу унаага пломбаларды тагып, онлайн көзөмөлдөөнү баштады. Алар «Ак-Тилек» өткөрүү пунктунан казак-орус чек арасындагы «Сырым» өткөрмө пунктуна чейин барат, ал жерде пломбаны Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин карамагындагы Мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери чечет.

Тараптардын макулдашуусуна ылайык, Кыргызстандан Казакстанга транзиттик жүктөрдү ташуулардын негизги багыттары Казакстан-Россия Федерациясынын чек арасындагы өткөрмө пункттары, ал эми Казакстан Республикасына гана жөнөтүлгөн жүк үчүн – Алматы шаарынын аймагы саналат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы багытына карата көзөмөлдөнүүчү каттамдар каралган, анда пломбаларды чечүүчү жер Бишкек шаарынын аймагы болот.

Пломбаны орнотууга милдеттүү түрдө - алкоголдук жана тамеки буюмдары (кийинчерээк башка товарлар этап-этабы менен) кирет. Ал эми пломбаны орнотуу 15 мүнөткө чейинки убактыка созулат. Анын натыйжасында аз текшерүү жана тезирээк жеткирүү камсыздалмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жылдары өлкөдө 936 социалдык объект пайдаланууга берилди

Акыркы жылдары өлкөдө 936 социалдык объект пайдаланууга берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын алдында ал Бишкек шаарындагы Курулуш министрлигине караштуу Республикалык курулушту сертификациялоо борборунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана көчмө курулуш лабораторияларына арналган унааларды көрүп чыкты.

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттар реконструкцияланууда

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттар реконструкцияланууда

Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык, эскилиги жеткен ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда "Электр станциялар" ААКсына караштуу Үч-Коргон ГЭСинде эки гидроагрегатты модернизациялоо иштери жүрүп жатат. №2 гидроагрегатты демонтаждоо иштери 90%га аяктады, ал эми №1 гидроагрегатты демонтаждоо иштери башталды. Адистер

Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады

Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады

Муниципалдык мүлк  башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясына таандык транспорттук каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялады. Муниципалитеттен билдиришкендей, 77 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 13-мартында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсү, 246 дарегинде башталат. Арыздар 2026-жылдын 9-мартына чейин кабыл алынат. "Ачык аукционго катышуу үчүн талапкерлер Муниципалдык мүлк башкармалыгына лоттун номерин, өздүгүн тастыктаган

Баткен облусунда турак жайды камсыздандыруу  1,4%га өстү

Баткен облусунда турак жайды камсыздандыруу 1,4%га өстү

Баткен облусунда турак жайын камсыздандыргандардын саны 1,4%га жогорулаганын "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен филиалынын директору Жайлообек Жакшылыков билдирди. Директор белгилегендей, жыл башынан бери турак жайы зыянга учураган 4 жаранга 489 миң сом төлөнүп берилди. Ал эми 2025-жылы облуста 13 жаранга жалпы 1 млн 636 миң