Акыркы жылдары өлкөдө 936 социалдык объект пайдаланууга берилди

Акыркы жылдары өлкөдө 936 социалдык объект пайдаланууга берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын алдында ал Бишкек шаарындагы Курулуш министрлигине караштуу Республикалык курулушту сертификациялоо борборунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана көчмө курулуш лабораторияларына арналган унааларды көрүп чыкты.

Коллегияда курулуш тармагынын жыйынтыктары жана министрликтин ишмердүүлүгү каралды.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2025-жылы курулуш тармагындагы ички дүң продукциянын көлөмү 438,5 миллиард сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу сегиз эсеге өскөн. Ал ошондой эле 2024-жылы Кыргызстандагы курулуш тармагындагы өсүш 31%дан ашып, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болгонун белгиледи.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдан бери тармакка 170 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылып, 936 социалдык объект курулуп бүткөн.

Жыйындын жыйынтыгында МинКаб Төрагасы мыйзамдык базаны өркүндөтүү, курулуш тармагындагы ачыктыкты жогорулатуу жана мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле министрликтин ишине “жакшы” деген баа берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен