Алименттен качкан ата-энелер камакка алынышы мүмкүн

Алименттен качкан ата-энелер камакка алынышы мүмкүн

Кыргызстанда жашы жете элек балдарын багуудан (алимент төлөөдөн) баш тарткан ата-энелерди эркинен ажыратуу чаралары каралууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал депутаттарга аткаруу өндүрүшү тармагындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун тааныштырды.

Мыйзамда белгиленгендей, алименттик келишим же алимент төлөө боюнча соттун чечими аткарылбаган учурда сот аткаруучу Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүп, аны сотко жөнөтөт. Ал эми алимент боюнча карыз 12 айга жеткенде материалдар ички иштер органдарына өткөрүлүп берилет.

Башкы прокурордун орун басарынын айтымында, төмөнкү чаралар каралган:

  • алимент боюнча карыз 3 айга жеткенде — 3 суткага камакка алуу;
  • бир жыл ичинде укук бузуу кайра кайталанса — 7 суткага камакка алуу;
  • алиментти 12 ай бою төлөбөгөндө — 100 сааттан 200 саатка чейин коомдук иштерге тартуу же 1 жылга чейин эркинен ажыратуу;
  • өзүнүн эмгек акысын жана кирешесин жашыруу же атайылап азайтып көрсөтүү, ошондой эле соттун чечимине же сот аткаруучунун токтомуна карабастан жумушка орношпой коюу — 100 миң сом айып пул же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Айрым депутаттар алимент төлөөдөн качкан ата-энелерге карата катуу жаза колдонуу керектигин билдиришти. Депутат Дастан Бекешев алимент системасын жоюп, балдарга мамлекет тарабынан жөлөк пул төлөп, ошол эле учурда балдарын таштап кеткен жана аларды багуудан баш тарткан ата-энени мамлекет үчүн иштетүүнү сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

Аргентина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкты

Аргентина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкты

Аргентина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) мүчөлүгүнөн чыкты. Бул чечим расмий билдирүүдөн бир жыл өткөн соң, шейшемби күнү күчүнө кирди. Бул тууралуу, DW маалымдагандай, өлкөнүн тышкы иштер министри Пабло Кирно билдирди. "Биздин өлкө саламаттык сактоо тармагында эл аралык кызматташтыкты эки тараптуу келишимдер жана аймактык форумдар аркылуу улантат, ошол эле

Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалганын 18-мартта мамлекет башчынын администрациясы билдирди. 24-февралда Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан алынган болчу. Мунун алдында Төрөбаевдин тууганы менен сүйлөшкөнү жазылган аудио тараган. Ал аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү менен бир

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды