Ташкент келерки 5 жылда туристтердин санын 20 миллионго жеткирүүнү көздөйт
Өзбекстан 2030-жылга чейинки туризмдиy ИДӨдөгү үлүшүн азыркы 3,5%дан 7%га чейин көбөйтүү пландап жатканын Туризм комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Өзбекстанга жылына 11 миллиондон ашык чет элдик жаран келет. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 20 млн адамга жеткирүү пландалып жатат. Анын ичинде төлөө мүмкүнчүлүгү жогору туристтердин үлүшүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулат.
Стратегиялык багыттардын катарында туристтик кызматтардын экспортун жылына 6 млрд доллардан ашыруу максаты да коюлган.
Туризмди өнүктүрүүдөгү негизги факторлордун бири катары инфраструктураны жаңылоо белгиленүүдө. Туристтик шаарлардын ортосундагы транспорттук байланыш жакшыртылып, ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Жол жүрүү убактысын кеминде үч эсеге кыскартуу каралып жатат.
Мындан тышкары, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалардын саны эки эсеге көбөйтүлүп, жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөр кеңейтилет.