Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун өнөр жай калдыктары текшерүүгө алынды
Министрликке караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин адистери бүгүн Бишкек шаардык санитардык полигонунда жайгашкан таштандыларды кайра иштетүү заводуна таандык өнөр жай калдыктарынын үлгүлөрүн алышты.
Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, изилдөөлөр ишкананын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо максатында жүргүзүлгөн.

Мониторингдин алкагында лабораториялык анализдер төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт: азот оксиди, күкүрт оксиди, азот диоксиди, көмүртек оксиди жана чаң бөлүкчөлөрү (туман).
Мындан тышкары, 16-январда ишкананын чукул аймагында комплекстүү мониторинг жүргүзүлдү: кошумча аба, топурак жана Ала-Арча суу сактагычынан суу үлгүлөрү алынды.