Фитосанитардык талапка жооп бербеген 26, 978 тонна пияз чек арадан өткөрүлгөн жок

Фитосанитардык талапка жооп бербеген 26, 978 тонна пияз чек арадан өткөрүлгөн жок

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини боюнча Ош башкармалыгы тарабынан фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек арада фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканын башкармалык билдирет.

Өткөн жуманын соңунда "Достук" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстантан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 26 тонна 978 кг пияз тиешелүү фитосанитардык сертификаттын жоктугуна жана жүктүн белгиленген тартипте маркировкаланбагандыгына байланыштуу өлкө аймагына киргизилген жок.

Аталган жүк Ош башкармалыгынын адиси Махамадибрагим уулу Бексултан тарабынан текшерилип, фитосанитардык мыйзам бузуулар аныкталгандыктан, жүк ташуучу тарапка кайра кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди

Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгын

Өлкөгө 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди

Өлкөгө 21,5 миң тонна жер семирткич алып келинди

2026-жылы республиканын айыл чарба тармагына жалпы 182,8 миң тонна минералдык жер семирткичтер талап кылынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көлөмдүн ичинде азоттук жер семирткичтер жазгы талаа иштерине 96,2 миң тонна, фосфордук — 71,5 миң тонна, калийдик — 15,2 миң тонна түзөт. 2026-жылдын 20-январына карата

Кыргызстанга акча которуулардын агымы 17,2%га өстү — ЕАӨБ

Кыргызстанга акча которуулардын агымы 17,2%га өстү — ЕАӨБ

2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстанга келген акча которуулардын агымы 17,2%га көбөйгөнүн Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) маалымдады. Маалыматта белгиленгендей, көрсөткүчтүн өсүшү негизинен Россиядан келген которууларга байланыштуу, алар 16,7%га жогорулаган. Акча которуулардын доллар менен эсептелген көлөмүнүн өсүшүнө рублдин долларга карата курсу 2024-жылдагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 10,6%га

Дүйнө миллиардерлеринин жалпы байлыгы 18,3 трлн долларга жетти

Дүйнө миллиардерлеринин жалпы байлыгы 18,3 трлн долларга жетти

Дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын жалпы байлыгы 2025-жылы акыркы беш жылдагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу үч эсе ылдам көбөйгөнүн жана планета калкынын дээрлик жарымы жакырчылыкта жашап жатканын Reuters агенттиги жарыялаган. Oxfam уюмунун изилдөөсүндө 2025-жылы дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгы 18,3 трлн долларга жеткени айтылат (2,5 трлн долларга же 16%га