Кыргызстан-Италия: зергерчилик тармагында кызматташтык талкууланды
Кыргызстан менен Италия зергерчилик тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул маселелер Виченца шаарында өткөн "Vicenzaoro" эл аралык зергерчилик көргөзмөсүнүн алкагында каралды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө зергерчилик тармагындагы заманбап багыттар, колдонулуп жаткан материалдар жана технологиялар менен таанышуу болуп, италиялык алдыңкы зергерчилик компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушууларда Кыргыз Республикасындагы зергерчилик тармагынын учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар, асыл металлдарды жана баалуу таштарды кайра иштетүү потенциалы, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мындан тышкары, кыргызстандык адистерди италиялык зергерчилик академияларында окутуу, заманбап технологияларды жана жабдууларды Кыргызстанга ыңгайлаштырып киргизүү маселелери каралды.
Ошондой эле зергерчилик жабдууларын өндүрүүчүлөр менен жолугушуулар өткөрүлүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр улантылары белгиленди.
Белгилей кетсек, "Vicenzaoro" эл аралык көргөзмөсү зергерчилик буюмдарды, асыл таштарды, жабдууларды жана технологияларды көрсөтүүгө багытталган алдыңкы B2B аянтча болуп саналат.


