Кыргызстанда 431 ломбардга уруксат кагазы берилген

Кыргызстанда 431 ломбардга уруксат кагазы берилген

Кыргызстанда 431 ломбард катталганын “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө, контролдоо жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн башчысы Сүйөркул Ашимжан уулу билдирди.

Ал белгилегендей, ломбарддарга уруксат кагазы берилген. Учурда алардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү күчөтүлүүдө.

“Ломбарддар өкмөт тарабынан бекитилген жобого ылайык, квартал жана жыл сайын отчетторун берип турат. Мындан тышкары, өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбыздын чегинде ар жылдык пландуу текшерүүлөр болот. Анда жарандардын кайрылуулары, отчеттордо аныкталган кемчиликтер каралат. Ошондой эле кайсы бир ломбардга карата мыйзам бузуу фактылары катталса, пландан тышкары текшеребиз", - деди ал.

Ошондой эле Сүйөркул Ашимжан уулу эгерде, ломбардда чындап эле жарандын арызында белгиленген мыйзам бузуу фактылары аныкталса, Укук бузуулар кодексине ылайык, ломбардга 28 миң сом айып пул салынат.

"Кайрадан 3 жыл ичинде кайталап мыйзам бузулса, Лицензиялык укук берүү мыйзамынын негизинде ломбарддын ишин 90 күнгө токтото алабыз. Бул убакыт ичинде биз белгилеген талаптарды аткарышпаса, сот аркылуу алардын лицензиясын жокко чыгарабыз”, - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;