Таштандыны кайра иштетүүчү завод 49 миң тонна таштандыны иштетти
Мэр Айбек Жунушалиев "Кабар подкаст" берүүсүнө берген маегинде Бишкек таштанды полигонуна Кытай инвесторлору курган таштандыны кайра иштетүүчү завод ачылгандан бери 49 миң тонна таштандыны кайра иштеткенин билдирди.
Буга улай шаар мэри бир заводдун аркасы менен дагы үчөө курулуп, ишке киргизилгенин баса белгиледи. Анын айтымында, жакынкы арада заводдун жанындагы көп жылдан берки чогулган "таштанды тоосу" да рекультивацияланат.