"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды

"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды

Кечээ Улуттук банк тарабынан "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу банктын лицензиялары алмаштырылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, банктын толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары өзгөртүлдү.

Ага ылайык:

  • мамлекеттик тилдеги толук аталышы — "АБанк" ачык акционердик коому;
  • мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы — "АБанк" ААК;
  • расмий тилдөгү толук аталышы — Открытое акционерное общество "АБанк";
  • расмий тилдөгү кыскартылган аталышы — ОАО "АБанк";
  • англис тилдеги толук аталышы — The open joint-stock company "ABank";
  • англис тилдеги кыскартылган аталышы — OJSC "ABank".
Фирмалык аталыштын өзгөрүшүнө байланыштуу Улуттук банк тарабынан банкка тиешелүү лицензиялар жаңы аталышка ылайык кайрадан берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен