"Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялайт

"Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялайт

Муниципалдык "Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялоону (алмаштырууну) пландап жатканын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Лифттерди сатып алуу боюнча конкурстук жол-жоболорду даярдоо жана өткөрүү алкагында ишкана лифт жабдууларын жеткирүүчүлөрдү конкурска катышууга чакырат.

Маалыматка ылайык, катышуучулар тиешелүү иш тажрыйбасына ээ болушу жана Бажы бирлигинин ТР ТС 011/2011 "Лифттердин коопсуздугу" техникалык регламентинин талаптарына жооп бериши зарыл. Конкурс Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамына ылайык өткөрүлөт.

Катышуу шарттары, квалификациялык талаптар жана конкурстук документтер тууралуу толук маалымат Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.

Кошумча суроолор боюнча 0505 333 416 телефону аркылуу (техникалык бөлүм) кайрылууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли Каракол шаарында өтүп жаткан лыжа тебүү боюнча тренингге катышты. Элчиликтин маалыматына ылайык, бул иш-чара 2022-жылдан бери Швейцария тарабынан Кыргызстанда колдоого алынып келе жаткан кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулган. Сапар учурунда элчи кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн бир гана инфраструктура жетишсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, жогорку

"Тез жардам" медицна борборуна дагы 40 унаа сатылып алынат

"Тез жардам" медицна борборуна дагы 40 унаа сатылып алынат

Быйыл жаңы 40 тез жардам унаасы келерин “Кабар” агенттигине берген маегинде Тез жардам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди. Анын айтымында, унаа каражаттары эки этап менен жеткирилет. “Быйыл министрлик 40 жаңы тез жардам унаасын алып бергени турат. Бул унаалар келсе, ишибиз жеңилдейт деп турабыз. Мэрия бизге Маевка жана Жал айылдарынан

Президент жеңил өнөр-жай тармагынын көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды

Президент жеңил өнөр-жай тармагынын көйгөйлөрүн чечүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы жеңил өнөр-жай тармагынын, анын ичинде тигүү, маркетплейстер, логистикалык компаниялар, банктар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда сектордун негизги көйгөйлөрү көтөрүлдү — каржылоого жеткиликтүүлүк, логистикалык чектөөлөр, экспорттук шарттар жана технологиялык жаңылануу маселелери. Катышуучулар тармакты ылдам өнүктүрүүгө жана тоскоолдуктарды жоюуга багытталган сунуштарын беришти. Мамлекет башчыс

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө эс алуу табити өзгөрдүбү?

Кыргызстандыктардын чет өлкөдө эс алуу табити өзгөрдүбү?

Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөдө эс алууга жумшаган чыгымдары, болжолдуу маалыматтар боюнча, 423,3 млн долларды түзгөнү Улуттук статистика комитетинин материалында келтирилген. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1%га төмөндөгөн. Ошону менен бирге, туристтик рыноктун катышуучулары кыргызстандыктардын чет өлкөлүк багыттарды тандоодогу табити өзгөргөнүн белгилешүүдө. Буга чейин