Күмүш баасы тарыхый рекордду жаңылады

Күмүш баасы тарыхый рекордду жаңылады

Кечээ, 20-январда Нью-Йорк товардык биржасында күмүштүн баасы рекорддук деңгээлге көтөрүлдү.

Comex бөлүмүнүн маалыматына караганда, саат 12:10го Москва убактысы боюнча трой унциясынын баасы биринчи жолу 95,2 долларга жетип, соода сессиясынын жабылыш баасына салыштырмалуу 7,5%га өстү.

Сооданын жүрүшүндө баа эң жогорку чек катары 95,4 долларга чейин көтөрүлгөн.

Эксперттер мындай өсүштү дүйнөлүк геосаясий чыңалуу менен байланыштырууда. Алардын айтымында, азыр инвесторлор күмүштү коопсуз актив катары активдүү сатып алышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ош шаарында жаздын келиши менен Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталганын шаар мэри Жанарбек Акаев билдирди. Мэр бул чара сел кырсыктарын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. "Ак-Буура дарыясынын нугу акыркы 30-40 жылдан бери тазаланбай, бул өз кезегинде сел ташкындарына себеп болуп келген. Эми президент өзү

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы британ фунт стерлингинин банкнотторунун дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат. Жаңы дизайнга ылайык, тарыхый инсандардын сүрөттөрүнүн ордуна Улуу Британиянын жапайы жаратылышын чагылдырган жаныбарлардын сүрөттөрү жайгаштырылышы мүмкүн экенин Bloomberg маалымдады. Пландалган өзгөрүүлөргө ылайык, фунт стерлингдин жаңы сериясында кирпи же борсук сыяктуу жаныбарлар сүрөттөлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда банкноттордон белгилүү британ инсандарынын,

АКШнын Мамлекеттик департаменти Green Card алуу эрежелерин өзгөрттү

АКШнын Мамлекеттик департаменти Green Card алуу эрежелерин өзгөрттү

АКШнын Мамлекеттик департаменти Diversity Visa программасына (Green Card алуу лотереясы) катталуу үчүн жаңы талаптарды киргизүүдө. Бул талаптар 10-апрелден тартып күчүнө кирет. Алар мекеменин расмий сайтында жарыяланды. Негизги өзгөрүү — эми баштапкы анкета толтурууда эле документтердин санарип көчүрмөлөрүн жүктөө талап кылынат. Бул чара алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүү жана катышуучуларды так аныктоону жеңилдетүү

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет

Кыргызстандын экологиялык анализдери эми дүйнө жүзүндө тааныларын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Экологиялык мониторинг департаментинин лабораториялары атайын текшерүүдөн өтүп, дүйнөлүк ISO 17025 стандартына толук шайкеш экенин далилдеди. Эми бул лабораториялар эл аралык ILAC уюмунун "сапат белгисин" колдонуу укугуна ээ болду. Бул Кыргызстанда жасалган анализдерге дүйнөнүн