Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ош шаарында жаздын келиши менен Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталганын шаар мэри Жанарбек Акаев билдирди.

Мэр бул чара сел кырсыктарын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

"Ак-Буура дарыясынын нугу акыркы 30-40 жылдан бери тазаланбай, бул өз кезегинде сел ташкындарына себеп болуп келген. Эми президент өзү каржы булагын таап берип, дарыянын башынан аягына чейин тазалоо иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, шаар ичиндеги 7 каналдын 100 чакырымдан ашык жээгинин кооптуу тилкелерине тосмолор орнотулат. Ошондой эле көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери дагы жүргүзүлүп, тротуарлар курулат. Муну менен жашоочуларга жакшы шарттар түзүлөт", - деди мэр.

Белгиленгендей, иштердин жүрүшү жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды