Өзбекстан венчурдук инвестицияларды көбөйтөт

Өзбекстан венчурдук инвестицияларды көбөйтөт

2030-жылга чейин Өзбекстан стартаптардын санын 5 миңге, чет өлкөгө чыккан долбоорлорду 200гө жеткирүү жана венчурдук инвестицияларды 2 млрд долларга көбөйтүүнү пландап жаттканын президент Шавкат Мирзиёевдин санарип технологияларды өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер жана 2026-жылга карата милдеттерге арналган жыйынында билдирген.

Президент санарип технологиялар экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жана элдин жашоо сапатын жогорулатарын белгиледи. Анын ичинде жасалма интеллект инфраструктурасы, 5G байланышы жана интернеттин сапаты жакшыртылат.

Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү кеңейип, алардын саны 900гө жетет. MyGov.uz платформасы өнүктүрүлүп, 50дөн ашык кызматка жасалма интеллект киргизилет. Бирдиктүү жарандык реестр түзүлүп, бир катар кызматтар толук онлайн форматка өтөт.

Эл аралык баалоо боюнча, 2024–2025-жылдары Өзбекстандын стартап экосистемасынын наркы 3,9 млрд долларга жеткен. Учурда 750дөн ашуун стартап жана 15 венчурдук фонд иштеп, инвестициянын жалпы көлөмү 180 млн доллардан ашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын