2026-жылы салыктык кирешелер 413–578 млрд сомдон жогору болушу мүмкүн
Кыргызстандын Финансы министрлиги 2026-жылга салыктык кирешелердин көлөмүн 413 млрд сомдон 578 млрд сомго чейин болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат. Бул маалымат 2025–2030-жылдарга карата фискалдык тобокелдиктер боюнча баяндамадан келтирилген.
Бюджеттеги салыктык кирешелер боюнча үч сценарий жарыяланган:
- Негизги фискалдык сценарий — 458,4 млрд сом;
- Оптимисттик сценарий — 577,6 млрд сом;
- Пессимисттик сценарий — 412,7 млрд сом.
Финансы министрлиги 2025-жылга карата салыктык түшүүлөрдүн так көрсөткүчтөрүн 25-январдан кийин жарыялайт, бирок алдын ала маалыматка ылайык, министрлик 445–447 млрд сомдун тегерегинде салык түшүүсүн күтүп жаткан.