Айрым дарыларды жеке сектордун алып киришине уруксат берилет

Айрым дарыларды жеке сектордун алып киришине уруксат берилет

Министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоодон өтпөстөн убактылуу алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген атайын тизмеге киргизүү тартибин жөнгө салган документке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоор 2025-жылдын 23-августундагы №522 токтомдун нормаларын тактап, мындай дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга укуктуу уюмдардын чөйрөсүн кеңейтүүнү карайт. Эгер буга чейин мындай мүмкүнчүлүк мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына гана берилсе, эми ал менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат.

Өзгөртүүлөр бекитилген тартиптин 2-, 5-, 7- жана 8-пункттарына тиешелүү. Бул пункттарда колдонулган "мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары" деген түшүнүк "менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары" деген сөзгө алмаштырылат.

Документте белгиленгендей, Саламаттык сактоо министрлиги жаңы токтомдон келип чыккан чараларды көрүүгө тийиш. Аны ишке ашыруу министрликтин бекитилген бюджети­нин чегинде жүргүзүлөт.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы токтому менен өзгөчө учурларда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өлкөгө убактылуу алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берүүчү атайын тизмени түзүү тартиби бекитилген. Бул механизм турмуш үчүн маанилүү дары-дармектер жетишпей калган учурда же катталган аналогдору жок болгон шартта колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;