Борбор Азияда өз ара пайдалуу электр рыногу түзүлөт

Борбор Азияда өз ара пайдалуу электр рыногу түзүлөт

Дүйнөлүк банк 10 жылга эсептелген "Борбор Азияда электр энергия рыногун өнүктүрүү жана энергосистемаларды интеграциялоо" программасын (REMIT — Regional Electricity Market Interconnectivity and Trade) бекитти.

Программа аймактагы энергетикалык ресурстарды өз ара толуктоо принциби менен пайдаланууга багытталган. Анын алкагында Кыргызстан жана Тажикстандагы гидроэнергетика, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандагы жылуулук электр станциялары, ошондой эле аймактагы бардык өлкөлөрдө өнүгүп жаткан күн жана шамал энергиясы камтылат.

REMIT программасы электр энергиясынын аймак аралык соодасын жылына кеминде 15 миң ГВт/саатка чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле электр өткөрүү линияларынын өткөрүмдүүлүгүн үч эседен ашык жогорулатып, 16 гиговаттка жеткирүү. Мындан тышкары 9 ГВтка чейинки таза энергия кубаттуулуктарын улуттук энергосистемаларга кошуу каралууда.

Программанын жалпы болжолдуу каржылоо көлөмү 1,018 млрд долларды түзүп, ал үч этапта ишке ашырылат. Каражаттар аймактык электр энергия рыногун түзүүгө жана ишке киргизүүгө, өткөрүү инфраструктурасын бекемдөөгө, энергосистемалардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле энергетика тармагындагы аймактык кызматташууну күчөтүүгө багытталат.

Программанын биринчи этабында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин координациялык-диспетчердик борбору "Энергия" жалпы суммасы 143,2 млн долларлык гранттык жана жеңилдетилген каржылоого ээ болот. Анын ичинен 140 млн доллар Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каражаттары, 3,2 млн доллар Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасынын (CAWEP) гранттары болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance — дүйнөдөгү алдыңкы глобалдык блокчейн экосистемаларынын бири жана соода көлөмү боюнча эң ири криптовалюта биржасы болуп саналат. BAKAI экосистемасы Binance Pay менен BAKAI’га негизделген жаңы чечимди ишке киргизгенин жарыялады. Бул чечим өлкөнүн каалаган жеринде криптовалюта аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы мүмкүнчүлүк Binance Pay инфраструктурасын

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Кыргызстанда эт өндүрүшүн көбөйтүү жана бааны турукташтыруу максатында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдө азык-түлүк бааларын турукташтыруу, айрыкча эттин баасын жөнгө салуу боюнча

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда болжол менен 2300 ветеринар керек, бирок учурда болгону 1200 адис гана иштеп жатат. Бул тууралуу радио эфиринде Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Абай Казаков билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформадан кийин айыл өкмөттөрүнүн саны 400дөн 235ке чейин кыскарган.

Кыргызстан Кытайга экологиялык таза продукция экспорттоону көбөйтөт

Кыргызстан Кытайга экологиялык таза продукция экспорттоону көбөйтөт

Кыргызстандын соода өкүлү Кытайдын Чэнду шаарында экологиялык таза продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Экономика жана коммерция министрлигинин Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлү Жусубали Торомаматов Чэнду шаарында "Chengdu International Trade Group Co., Ltd." мамлекеттик соода корпорациясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстандан