Ош шаарынын бюджети 2025-жылы 3 млрд 53 млн сомду түздү
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине түшкөн кирешелер пландан ашыкча аткарылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Планга ылайык 3 млрд 26 млн 856,8 миң сом каралган болсо, иш жүзүндө 3 млрд 53 млн 740,3 миң сом чогултулуп, план 100,9%га аткарылды.
Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, 2025-жылы жергиликтүү бюджеттин кирешелери 2024-жылга салыштырмалуу 559 млн 189,2 миң сомго көбөйдү. Ал эми 2024-жылы кирешелер 2 млрд 494 млн 551,1 миң сомду түзгөн.
Мурдагы жылга салыштырганда өсүү темпи 122,4%ды түздү.