Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү 10 млн долларга жетти
2025-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 10 млн долларга жеткенин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов билдирди.
Жыйында өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштер тууралуу отчет угулду.
Депутаттар Кыргызстан жарандарынын Азербайжан жана Грузиядагы укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү зарыл деп эсептешип, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүнү сунушташты.
Максат Мамыткановдун айтымында, Бишкек менен Баку Азербайжан–Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн жандандыруу боюнча иштерди алып барууда.
Эл өкүлү Чолпон Эсенаманова оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары ага Азербайжандын аймагынан транзит менен өтүү учурунда негизсиз дооматтар коюлуп жатканына байланыштуу кайрылып жатканын айтып, бул маселеге көңүл бурууну дипломаттан суранды.