Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө эттин баасы кандай?

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө эттин баасы кандай?

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев бир катар өлкөлөрдө сөөктүү эттин орточо баалары боюнча салыштырма маалымат берди.

26-январда Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 1 килограмм эттин баасы өлкөлөргө жараша айырмаланарын билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанда орточо айлык акы Кыргызстанга салыштырмалуу төмөн болгонуна карабастан, эттин баасы жогору. Ал эми Казакстанда орточо эмгек акы 50 миң сомдон ашса, Кыргызстанда бул көрсөткүч 45 миң сомдун тегерегинде.

Женалы Орозбаев мындай айырмачылыктарга ички рыноктун өзгөчөлүктөрү, чыгымдар жана атаандаштык шарттары таасир этерин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Барпы айылында 1 МВт кубаттуулуктагы Күн электр станциясы курулат

Барпы айылында 1 МВт кубаттуулуктагы Күн электр станциясы курулат

"Элдик Банк" Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күн электр станциясын куруу боюнча конкурс жарыялады. Долбоордун пландалган баасы 66 млн сомду түзөт, ал эми иштер ачык сатып алуу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча башталмакчы. Сатып алуу тууралуу жарыя 2026-жылдын 27-январында жарыяланган. Подрядчылардан арыздар 2026-жылдын 4-февралына чейин кабыл алынат. Конкурс чектөөсүз форматта өткөрүлөт,

Бизнести текшерүүгө 2026-жылдын аягына чейин мораторий киргизүү сунушталды

Бизнести текшерүүгө 2026-жылдын аягына чейин мораторий киргизүү сунушталды

Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү боюнча Президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ бизнеске болгон административдик басымды азайтуу жана экономикалык активдүүлүктү турукташтыруу максатында иштелип чыккан. Долбоордо белгиленгендей, ишкерлер укук коргоо органдары, салык кызматы, башка көзөмөлдөөчү мекемелер жана жергиликтүү администрациялар тарабынан жүргүзүлгөн ашыкча жана кайталанма текшерүүлөр боюнча массалык түрдө

Ош мэри мамчиновник Алимжан Байгазаковго таандык үйдү бузуу тапшырмасын берди

Ош мэри мамчиновник Алимжан Байгазаковго таандык үйдү бузуу тапшырмасын берди

Жеңишбек Токторбаев мурдагы вице-мэр, учурда Эсептөө палатасынын аудитору болуп иштеп жаткан Алимжан Байгазаковго таандык төрт кабаттуу имаратты буздуруу боюнча тапшырма бергенин Ош шаарынын мэриясы билдирди. Бүгүн эртең мененки рейд учурунда мэр тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Тилек Баатыр көчөсүндө, эски автовокзалдын жанында жайгашкан объектти жеринде көрүп чыкты. Муниципалитеттин маалыматына ылайык,

Финансы министрлиги 2025-жылды туруктуу өсүш менен жыйынтыктады

Финансы министрлиги 2025-жылды туруктуу өсүш менен жыйынтыктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Финансы министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты. Бул тууралуу Өкмөтн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, 2020-жылдан бери Кыргызстандын консолидацияланган бюджети дээрлик 5 эсеге өстү. Эгер 2020-жылы бюджет 247,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 трлн 101 млрд сомго жетти. Экономиканын жалпы көлөмү