ММКФнын 2026-жылга бюджети 10,7 млрд сом деп бекитилди

ММКФнын 2026-жылга бюджети 10,7 млрд сом деп бекитилди

Президент Садыр Жапаров "Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилге карата бюджет жөнүндө" мыйзамга кол койду.

ММКФнын 2026-жылга карата бюджети кирешелер боюнча 10 млрд 737 млн 596 миң сом өлчөмүндө, чыгашалар боюнча да ушундай эле көлөмдө бекитилди. Ошондой эле Фонддун 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилдеги бюджети да жактырылды.

Мыйзам менен республикалык бюджеттен ММКФга өткөрүлүп берилүүчү каражаттардын көлөмү 2026, 2027 жана 2028-жылдар үчүн жыл сайын 2 057 870,4 миң сом өлчөмүндө белгиленди. Республикалык бюджеттен бөлүнүп, пайдаланылбай калган каражаттар алар берилген бюджеттин кирешесине кайтарылып алынат.
Ошондой эле Социалдык фонддун бюджетинен ММКФнын бюджетине которула турган каражаттардын көлөмү аныкталды. Тактап айтканда, 2026-жылы — 6 503 418,2 миң сом, 2027-жылы — 6 911 898,5 миң сом, 2028-жылы — 7 472 258,3 миң сом. Социалдык фондго жыл ичинде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өз убагында жана толук которулушун камсыз кылуу тапшырылды.

ММКФнын 2026-жылга карата бюджетинин айланма кассалык накталай каражаттарынын көлөмү 541 951,5 миң сом өлчөмүндө белгиленди. Бул каражаттар табигый кырсыктар, техногендик катастрофалар, террордук актылар жана башка өзгөчө кырдаалдар сыяктуу сындуу жагдайлар жаралган учурда Фонддун чыгымдык милдеттенмелерин аткарууга багытталышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын