Президент "Салык Күзөт" автоматташтырылган тутуму менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды.
Жолугушууда МСК төрагасы салык системасын реформалоонун экинчи этабынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, анын алкагында "Салык Күзөт" автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргизилгенин билдирди.
Анын айтымында, мурда салык кызматкерлери компаниялардын салыктары, камсыздандыруу төгүмдөрү жана отчеттуулугу боюнча маалыматтарды бир нече булактан жана кагаз түрүндө чогултууга аргасыз болсо, жаңы система аркылуу бардык маалыматтар бир платформага топтолду.
Алмамбет Шыкмаматов Президентке тутумдун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аймактар, райондор жана шаарлар боюнча салыктык түшүүлөрдүн көрсөткүчтөрүн тааныштырды. Ошондой эле система онлайн режиминде КНС төлөбөгөн компанияларды аныктоого мүмкүндүк берери белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров "Салык Күзөт" платформасын мындан ары кеңири жайылтуу, ишкерлер менен салыктык тартипти бекемдөө жана бизнес жүргүзүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.