Соцфонддун бюджети 2027-жылы 144 млрд сом болот деп божомолдонду

Соцфонддун бюджети 2027-жылы 144 млрд сом болот деп божомолдонду

Социалдык фонддун 2027–2028-жылдарга орто мөөнөттүү бюджетинде туруктуулукка карай багыт байкалат: кирешелер менен чыгашалар өсүп жаткан шартта, алардын ИДПдагы үлүшү бара-бара азайып, ал эми тартыштык эң төмөнкү деңгээлге чейин кыскарышы күтүлүп жатат.

Мындай жыйынтыкты Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзамга тиркелген маалыматтардын негизинде чыгарууга болот. Аталган документ 2026-жылдын 16-январында кабыл алынган.

2027-жылы Социалдык фонддун кирешелери 144,2 млрд сом деңгээлинде пландалса, 2028-жылы — 150,5 млрд сомду түзөт. Ошол эле учурда алардын ИДПдагы үлүшү 2027-жылы 6%дан 2028-жылы 5,4%га чейин төмөндөйт. Бул экономика социалдык милдеттенмелерге салыштырмалуу ылдамыраак өсүп жатканын көрсөтөт.
Эгерде 2026-жылы Социалдык фонддун бюджетинин тартыштыгы 388,1 млн сом деңгээлинде болжолдонсо, 2027-жылы ал 132,1 млн сомго чейин, ал эми 2028-жылы 82,5 млн сомго чейин кыскарышы күтүлүүдө.

Негизги жүк мурдагыдай эле Пенсиялык фондго туура келет:

  • 2027-жылы кирешелер — 128,3 млрд сом,
  • 2028-жылы — 132,8 млрд сом;
  • чыгашалар тиешелүүлүгүнө жараша 128,2 млрд сом жана 132,8 млрд сом.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2027–2028-жылдары чыгашаларын 69,1 млрд сомдон 74,7 млрд сомго чейин көбөйтөт. Бул саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдардын өсүшүн чагылдырат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;