Бишкекте "Борбор Азия – Америка Кошмо Штаттары" (B5+1) бизнес форуму өтөт
4-5-февралда Бишкек шаарында "Борбор Азия – Америка Кошмо Штаттары" (B5+1) бизнес форуму өтөрүн Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Ведомтводон маалымдашкандай, бизнес форум Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) менен биргеликте министрлер кабинети тарабынан уюштурулуп жатат.
Белгиленгендей, B5+1 форуму Борбор Азия – АКШ дипломатиялык форматынын алкагындагы негизги бизнес-платформа болуп саналат.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы аймактык диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар болгон жеке сектордун, бизнес-ассоциациялардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чакырылат.