Быйыл ишкерлерге 6% менен насыя берилет

Быйыл ишкерлерге 6% менен насыя берилет

Быйыл ишкерлерге 6% менен насыя берилерин “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Адилет Камчыбеков “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, насыя ишкерлерге мамлекеттик колдоо аркылуу 300 миң сомдон 5 млн сомго чейин берилет. Жалпысынан фонд тарабынан 500 млн сом өлчөмүндө насыя берүү каралган.

“Каражаттын 60%ы аймактардагы ишкерлерге берилет. Насыя ала тургандардын 30%ы аялдар болушу керек. Продукция өндүрүүчүлөргө насыя 3 жылдык мөөнөткө берилет. Эгерде, имараттарды жаңыртуу жана жабдууларды сатып алуу пландалган болсо, насыянын мөөнөтү 5 жылды түзөт. Ошондой эле фонд бизнеске тиешелүү кредиттерди жаап бере алат. Мөөнөтү 18 айга чейин”, - деди ал.

Адилет Камчыбеков белгилегендей, 2025-жылы 500 млн сом өлчөмүндө насыялар 8% менен миңге чукул ишкерге берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Балтадагы 105,9 млн сомдук объект мамлекетке кайтарылды

Кара-Балтадагы 105,9 млн сомдук объект мамлекетке кайтарылды

Жайыл районунда 105,9 млн сомдук социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2004-жылы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндө жайгашкан социалдык объект — автобаза жер тилкеси менен кошо мыйзам талаптарын бузуу аркылуу жеке жактарга өткөрүлүп кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында

Кыргызстан, Грузия ортосунда түз авиакаттам ачылышы ыктымал

Кыргызстан, Грузия ортосунда түз авиакаттам ачылышы ыктымал

Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили менен жолукту.  Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү, түз аба каттамдарын ачуу, туристтик тармакта кызматташтыкты жолго коюу, ошондой эле транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.  Иш-чаранын

Айдоочулукка окутуу баасы 19 миң сом болот

Айдоочулукка окутуу баасы 19 миң сом болот

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасын жазды. "Буга чейин иштеп келген айрым жеке автомектептердин өкүлдөрү интернет аркылуу каршылык көрсөтүп, так эмес маалыматтарды таратып, журналисттерди сүйлөтүп жатышты эле. Менин оюмча, президенттин бүгүнкү маеги ошол бардык талаш-тартыштарга чекит койду. Дагы бир маанилүү

Кытай кысылган аба менен энергия иштеп чыккан ири системаны ишке киргизди

Кытай кысылган аба менен энергия иштеп чыккан ири системаны ишке киргизди

Кытай дүйнөдөгү эң ири кысылган аба менен энергия сактоо жабдыгын пайдаланууга берди. "Объект Цзянсу провинциясында жайгашкан жана өлкөнүн "жашыл" энергетикага өтүүсүн колдоо үчүн энергияны топтоо системаларын өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп калды" деп маалымдайт Bloomberg. Курулушка катышкан Harbin Electric Corp. компаниясынын маалыматына ылайык, аталган жабдыктын кубаттуулугу