Лицензиялоо боюнча ызы-чуу: он миңдеген айдоочулар такси рыногунан чыгып кетүү коркунучунда
1-февралдан баштап Кыргызстанда таксилердин лицензиясын текшерүү башталмакчы. Бирок рыноктун катышуучулары: учурдагы эрежелер айдоочулардын санынын кескин азайтып, унаалардын жетишсиздигине жана жүргүнчүлөр үчүн жол киренин жогорулашына алып келиши мүмкүн деп эскертишүүдө. Депутаттар жана такси айдоочулар министрлер кабинетинен мөөнөттөрдү кийинкиге жылдырууну гана эмес, талаптарды кайра карап чыгууну сунушташат. Алардын баамында мындай талаптын жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугу менен байланышы жок жана ал системаны ашыкча татаалдаштырат.
Такси айрыкча чет жакта жашоочуларга жана тыгын учурунда шаардык транспорттун негизги түрүнүн бири бойдон калууда. Мыйзамдуу айдоочулардын санынын кескин азайышы эми бул тең салмактуулукту бузушу мүмкүн: жүргүнчүлөр таксилерди көпкө күтүп жана жол киренин жогорулашына кептелишет. Ал эми айрым жүргүнчүлөр бейрасмий секторго өтүп - мессенжер аркылуу жана расмий эмес сервистерди колдонуу тобокелдигинде турушат.
Токтоонун мүмкүн болгон экономикалык таасири - айына жүз миллиондогон сомду түзөт
Өлкө боюнча орточо жол кире акы 220 сомду, ал эми Бишкекте 260 сомдун тегерегин түзөт. Орточо тариф жана тармакта иштегендердин санын баалаганда, бир такси айдоочусу ай сайын болжол менен 57 200 сом киреше табат. Эгерде айдоочулардын 25% лицензиянын айынан жумушун таштаса, рынок бир айдын ичинде болжол менен 858 млн сом жоготот. Бул акча күйүүчү майдан жана унаа тейлөөдөн баштап, айдоочулардын өздөрүнүн жана алардын үй-бүлөсүнүн күнүмдүк чыгымдарына чейин экономикада жүгүрбөй калат.
Такси айдоочуларынын 50% убактылуу рыноктон чыгып кеткен катаал сценарийди элестетсек, ай сайын жүгүртүүдөгү жоготуулар болжол менен 1,7 млрд сомго жетиши мүмкүн. Бул таза пайда эмес, үй чарбаларынын кирешесин, салык жана социалдык төлөмдөрдү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуунун өзүн түзгөн дүң жүгүртүү. Мындай кыскаруу сөзсүз түрдө унаалардын тартыштыгын жана жол киреге басымды күчөтүп, жүргүнчүлөргө да, бюджетке да өз таасирин тийгизет.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин билдирүүсү талкуунун жаңы толкунун жаратты. Ал азыркы шарт улана берсе, он миңдеген адамдар жумушсуз калышы мүмкүн экенин белгиледи. Анын баамында, өлкө боюнча такси айдоочулардын жалпы саны 60-70 миң болгонуна карабай, 7 миң гана айдоочу лицензия алды. Эгерде эрежелер февраль айынан баштап толук ишке ашып баштаса, рыноктогу сунуш дээрлик он эсеге азайышы мүмкүн. Дупутаттын айтымында, бул тарифке түздөн-түз таасир этет: орточо жол кире 200-300 сомдон 700-800 сомго чейин көбөйөт.
Сын-пикирлер талаптын мөөнөтүнө гана эмес, мазмунуна да байланыштуу. Бекешев белгилегендей, эрежелердин бир бөлүгү айрым категориядагы жарандардын бул кесипке ээ болушуна жол бербейт. Бул жерде кеп, айдоочулук күбөлүгү жана жумуш тажрыйбасы бар, бирок медициналык маалымкат алууда кыйынчылыктарга туш болгон угуусу начар адамдар тууралуу болуп жатат. Анын айтымында, чектөөлөр кылмыштуу тарыхы бар адамдарга, анын ичинде кокустан жасалган кылмыштар же саясий мотивдеги кылмыштар үчүн соттолгондорго да тиешелүү болушу мүмкүн. Алардын көбү үчүн, айрыкча кайтып келген мигранттар жана карыз жүгү бар жарандар үчүн, такси киреше табуунун жалгыз туруктуу булагы бойдон калууда.
Бул сыяктуу аргументтер айдоочулар тарабынан да айтылууда. Алар лицензия берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштар менен Министрлер Кабинетине кайрылуу жолдошту. Негизги тезис - документтердин олуттуу бөлүгү учурдагы мамлекеттик текшерүүлөрдө кайталанууда. Такси айдоочулары киреше салыгы жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү агрегаторлор аркылуу автоматтык түрдө кармалып калаарын белгилеп, салыктардын төлөнбөгөндүгү жөнүндө маалымкат талабын алып салууну сунушташат. Ушундай эле позиция медициналык документтерге да тиешелүү: айдоочулук күбөлүктү алууда медициналык кароодон өтүү милдеттүү болуп саналат жана рыноктун айтымында, лицензияны жаңыртуу үчүн кайра аны талап кылуу коопсуздукту жакшыртпайт, тескерисинче, кезекте туруп, иш убактысын текке кетирүүгө алып келет.
Нааразылыктын дагы бир жагы лицензияны узартууга байланышкан. Учурда бул биринчи жолу лицензия алуу менен окшош жана документтердин толук топтомун кайра берүүнү талап кылууда. Айдоочулар маалымдоо жол-жобосуна өтүүнү же лицензиянын жарактуулук мөөнөтүн 1 жылдан 3-5 жылга чейин узартууну сунушташат. Бул мамлекеттик органдардын жүгүн азайтып, рыноктун бир бөлүгүнүн көмүскөгө кетүү коркунучун кыскартат.
Агрегаторлор менен иштеген диспетчердик кызматтардын кайрылуусунда, ролдорду бөлүштүрүү маселеси көтөрүшкөн. Алар айдоочулардын жумуш берүүчүлөрү эмес экенин жана алардын иш режимин көзөмөлдөй албастыгын же өз автопарктары бар такси компанияларынан талап кылынгандай ички документтерди сактай албастыгын белгилешкен. Мындан тышкары, алар электрондук формат эрежелерде каралган, бирок азырынча иштей элек болгондуктан, онлайн коопсуздук боюнча окутууларды жана мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу толук электрондук документтерди тапшырууга уруксат берүүнү сунушташат.
Учурда таксилерди милдеттүү түрдө лицензиялоо 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылды. Рыноктун катышуучулары жана депутаттар калган убакыт расмий жылдыруу үчүн гана эмес, талаптарды тууралоо үчүн да колдонуу керектигин белгилешүүдө. Негизги өтүнүч - системанын “жетилишине» убакыт берип, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жакшыртуу таксинин жеткиликтүүлүгүнө жана ондогон миң адамдын жумуш менен камсыз болушуна түздөн-түз карама-каршы чыкпоону камсыз кылуу.