Келерки жылы 11 миң балага "Бала береке" төлөмү берилет

Келерки жылы 11 миң балага "Бала береке" төлөмү берилет

Быйыл жыл башынан тарта президенттин “Бала береке” төлөмү жөнүндө жарлыгы күчүнө кирди. Бул төлөмдү Кыргызстандын шарты катаал - бийик тоолуу, барууга оор болгон аймактарда туруктуу жашаган энелер төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөп, алар бир жашка толгондо алат.

Бул туралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жоомартова “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирген.

Анын сөзүнө караганда:
4-балага – 100 миң сом;
5-балага – 600 миң сом;
6-балага - 800 миң сом;
7-балага – 1 млн сом;
8-балага – 1 млн 200 миң сом;
9-балага – 1 млн 500 миң сом;
Онунчу жана андан кийинки баласын төрөсө – 2 млн сом берилет.

Жоомартова бул төлөмдү алууга арыз берген күнгө чейин жаран ошол аймакта эки жыл жашашы зарылдыгын эскертти.

“Бул бир жолку төлөм бала бир жашка чыкканда төлөнүп берилет. Мисалы, эне 4-баласын быйыл төрөсө, төлөмдү алуу укугуна бала бир жашка толгондо ээ болот. Ошондо 2027-жылдын 1-январынан баштап арыз менен кайрылышы керек. Арыз берүүнүн мөөнөтү да бар. Бала бир жашка чыккандан баштап 6 айдын ичинде арыз берилиши зарыл. Алты айдан өтүп кетсе, арыздар алынбайт жана бир жолку төлөм төлөнбөй калат. Ошол үчүн бала 1 жарым жашка чыккыча арыз берип жетишип калышы шарт. Акча каражаты арыз берген жарандын банктык эсебине которулат”, - деп белгиледи башкы адис.

Төлөмдү алууга арызга эненин паспорту (же кайрылман күбөлүгү), балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, аймакта туруктуу жашагандыгын тастыктаган документтер жана банктагы эсеп номуру кошо тиркелиши керек.

Жоомартова алдын ала эсептөөлөр боюнча 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда 11 миң балага “Бала береке” деп аталган бир жолку төлөм берилерин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.