Кыргызстанда 20 сантиметр тереңдиктеги таштарды тере турган техника бар

Кыргызстанда 20 сантиметр тереңдиктеги таштарды тере турган техника бар

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ЖМК өкүлдөрүн Сокулук районунун Кожомкул айылындагы көп жылдан бери чет өлкөлүк заманбап, ноу-хау айыл чарба техникаларын Кыргызстанга алып келип жаткан “Салем Агро” компаниясы менен тааныштырды. 

 “Салем Агро” компаниясы 2020-жылдан бери Кыргызстанга заманбап айыл чарба техникаларын алып келип фермерлерге сунуштап келе жатат.  “Агротүрк” ЖЧКсы да Кыргызстанда түрк өндүрүшүндөгү айыл чарба техникаларын жеткирүү жана киргизүү боюнча алдыңкы компания.Компания Özdöken, Harmak, Köylü, Üntar, AydinPulluk бренддеринин расмий өкүлү болуп саналат.

“Салем Агронун” жетекчиси Алим Ниязовдун айтымында, компания Туркиядан сырткары индиялык, италиялык бренд техникаларды да алып келет. “Биз кардарларга бир ай, эки айдан кийин болот дебей, керектүү айыл чарба техникаларын, шаймандарды дайыма фермер биздин кампадан өз көзү менен көрүп, кармап, сапатын текшерип алып кеткидей шарт түзөбүз. Эң башкысы биз сапатка маани беребиз.  Биздин техникалардын көбү Түркиянын бренд компанияларынын техникалары. Ошол себептен Кыргызстанга келип жаткан айыл чарба техникаларынан бир аз кымбатыраак. Ошондой эле биз фермерлерди ойлоп кампабызда бардык керектүү тетиктерди жетиштүү кармайбыз”,-дейт компания жетекчиси.

 

Анын билдиришинче, 2025-жылы компания Кыргызстанга жаңы ноу-хау электрондук техникаларды алып келген.

“Бизде азыр манжалар менен гана башкарыла турган GPS навигация, тоютту таңгактай турган заманбап техникалар бар. Мындай техникалар менен таңгакталган сенаж, силос, жом эки жыл болсо да бузулбайт. Таңгактоочу стрейч пленканы да өзүбүз чыгарабыз. Аны 2024-жылы сыноодон өткөргөнбүз. Биз таңгактаган силос июль айында да сапатын жоготпой, жаңы боюнча турат. Бул фермерге да өтө пайдалуу. Ошондой эле электр энергиясы менен иштей турган сеялкаларды алып келгенбиз. Мындай сеялка менен фермер эмне экпесин түшүмү өтө мыкты болот. Анткени сеялка ар урукту бирден, бирдей аралыкта сээп берет. Кокус бир тилкедеги бир оюкчага бир урук түшпөй калса система автоматтык түрдө белги берет. Ошентип талаага себилген уруктун 94%ы туура эгилет. Ошол себептен бул техниканы Кыргызстанга алып келгенбиз”,-дейт А.Ниязов. 

 Аталган компаниядан айдоо аянтын 70 сантиметр тереңдикте айдоочу заманбап соко алып жаткан “Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводунун” директору Жаныш Алгожоев алып жаткан техникасы тууралуу буларга токтолду.

“Азыр биз 5 корпустуу, жерди терең айдай турган “Илги” сокосун алып кетип баратабыз. Былтыр күзүндө КРнын МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул техника тууралуу жакшы маалымат берген. Көрсө, биз жерди жылыга 20-30 сантиметр гана тереңдикте айдай берип андан төмөн жагына нымдуулук сиңбей калат экен. Бул соко менен жер айдалганда күз, кыш бою топтолгон нымдуулук жазында өсүмдүктүн жакшы өсүшүнө шарт түзөт экен. Муну биз келишим менен 528 миң сомго алдык”,-дейт Ж.Алгожоев.   

 Компаниянын башкы инженери, менеджери Нариман Чедлишвили  алынып келип жаткан техникалар фермерлердин суроо-талабы менен алынып келерин жана ар жылы кандайдыр бир заманбап жаңы техникалар жаңылык катары сунушталарын билдирди.

 “Бизге ар кандай фермерлер келип өз сунуштарын беришет. Ошого жараша биз техника алып келебиз. Бирөө таштактуу жерлерди иштетүү сунушун айтты эле 2017-жылы таш терүүчү “Elibol” агрегатын алып келгенбиз. Аны Лейлек районуна алып кетишкен. Бул аппараттын салмагы 3 тонна 700 килограмм. Димаметри 35-45 сантиметрге чейинки таштарды 25-30 сантиметр тереңдиктен чогултат. Бир суткада 10-15 гектар жерди таштан тазалай алат. Бункерине 3 тоннадай таш батат. Же болбосо таштарды дароо эле чиркелген тележкага жүктөп да берет. Бул техника менен 1 гектарды азыр 10 миң сомго тазалап берип жатышат. Экинчисин Айыл чарба министрлиги быйыл Караколго алып кеткени жатат”,-дейт ал.   

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.